Европалык имамдар конференциясын Австриянын ислам жамааты, өлкөнүн тышкы иштер министрлиги жана Вена шаарынын коомчулугу биргелешип уюштурду. Жыйынды Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу ачат. Жогорку даражалуу меймандар арасында Австриянын канцлери Вольфанг Шюссель, Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер,Австриянын тышкы иштер министри,парламент спикери жана башка ырасмий өкүлдөр бар. Мындай конференция ушул эле Австрияда 2003-жылы жайында өткөрүлгөн эле.
Австриядагы ислам жамаатынын өкүлү Карла Амина Багажатинин айтымында, ырасмий Вена европалык өлкөлөр менен мусулман жамааттарынын өз ара алакаларын бекемдөөгө түрткү берүүнү көздөйт.
Ушу тапта Австрия Евросоюзга төрагалык кылууда. Ушул жагдайдан пайдаланып, Вена өкмөтү өзүнүн ортомчулук салтын улантып, ар түрдүү диний,маданий тайпалар ортосунда кантип ымала түзүү керек, пайда болгон проблемаларды кантип чечүү зарыл,ушул маселелерде европалык өлкөлөргө демөөр-дем бергиси келип жатканы абдан жакшы жышаан, анын үстүнө мусулмандардын өз ара талкуу-таңашы абдан кажет, дейт Багажати.
Голландиялык кинорежиссер Ван Гогдун киши колдуу болушу, Мадриддеги жана Лондондогу террордук кыянаттар, Мукамбет пайгамбарга тартылган такмаза сүрөттөр жана башка окуялар европалык диний жамагаттар арасына жик салды. Оңчул күчтөр, айталы, Британиядагы улутчулдардын, Австриядагы эркиндик партиялары келгиндерге,алардын ичинде айрыкча мусулман эмигранттарына кастарын тиге баштады.
Багажатинин айтымында, мусулмандар кайда жашабасын, Британиядабы, Испаниядабы же Россиядабы, баары өздөрүн Европанын бир бөлүгү эсептешет. Алар өз динине шек түшүрбөй, ошол эле учурда демократиянын,плюрализмдин шартында, адам укуктарын, мамлекеттин ролун урматтап,бактылуу жашаган жамаат экенин көрсөткүсү келишет. Жыйындын башкы максат-мураты ушунда, дейт Багажати.
Венадагы конференция үч күнгө созулат.