Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Бишкекте өрт өчүргүчтөр иш таштоодо


БИШКЕК. Бишкектеги өрткө каршы күрөшүү гарнизонунун жүзгө чукул өрт өчүрүүчүсү бүгүн Жогорку Кеңештин алдына нааразылык билдирип чыгышты. Алар былтыркы тогуз айдын тамак-аш үчүн берилчү акчасын төлөөнү талап кылышууда. Өрт өчүргүчтөр былтыр жыл соңунда да ушундай талап менен иш ташташканда аларга быйылкы жылдын биринчи кварталында карыздар төлөнөөрү убада кылынган. Чукул кырдаалдар министри Жаныш Рустенбеков бюджет кеч чечилгенине байланыштуу карыздар бул убакытта төлөнбөй калганын, эми 1-июнга дейре берилерин билдирди. Министр ошондой эле алар аскердик тартиптеги кишилер болгондуктан иш таштоого, нааразылыкка чыгууга укугу жоктугун айтып, иштен алынаарын белгиледи. Нааразылыкка чыккан өрт өчүргүчтөр ага жооп кылып кызматтык күбөлүктөрүн жерге ташташты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG