Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

ӨРТ ӨЧҮРГҮЧТӨР НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек 6-апрелде Жогорку Кеңештин алдында Бишкек шаардык өрттөн сактоочу гарнизондун жүзгө чукул кызматкери нааразылыкка чыгышты. Алар жаңы өкмөттөн жаңы жыл алдында убада кылган тамак-аш үчүн берилүүчү каражатты толук төлөп берүүнү, өрт өчүрүүчүлөрдүн иштөө шартын жакшыртууну талап кылышууда. Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков бул акцияны кызматтан алынган офицерлер уюштурган, алар катардагы өрт өчүргүчтөрдү пайдаланышууда деп белгиледи.

Өрт өчүргүчтөр тогуз айдан бери тамак аш үчүн бөлүнүүчү каражаттарын алышпаганын айтышып, өкмөт өкүлдөрү жаңы жыл алдында берген убадаларын аткарбагандыгына нааразы болушту. Алардын айтымында, Жогорку Кеңештин же өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясын уюштурмайынча тиешелүү жетекчилер алардын мүдөөсүнө көңүл бурбай келүүдө.

Биз ушинтип эски аянтка чыкпасак аласа акчаларыбызды бербей коюшат, деген ой менен кечээ иш таштоону уюштурганбыз,- деди өрт өчүрүүчү машиненин айдоочусу Каныбек Узакбаев.-Бүгүн иш таштап ушул жерге келгенде биздин жетекчилер 1-апрелде тамак аш үчүн берилүүчү каражаттын үч айда берилүүчү бөлүгүн таап беребиз деп убада кылышты. Эгерде биз бул жерге чыкпасак биздин акчаларыбызды бербей коюшат.

Нааразылык акциясына чыгышкандар Бишкек шаардык өрттөн сактоочу гарнизондун жетекчилерин бул маселеге жоопкерсиздик менен мамиле кылууда деп айыпташты.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков өрт өчүргүчтөрдүн койгон талаптары үчүнчү чейректин соңуна чейин аткарылат деген ишенимде:

-Өрт өчүрүүчүлөргө он беш жылдан бери чынында эле такыр көңүл бурулбай калыптыр. Проблемаларды акырындан чечип атабыз. Алар быйылкы тамак аш үчүн берилүүчү каражаттарын, эмгек маяналарын ай сайын алып атышат. 2003-2004-жылдар үчүн алынбай калган “пайковыйларына” график түзүп, экинчи кварталда бүтүрөбүз. Биз мурда убада кылгандай биринчи кварталда бүтүрө албай калдык. Себеби, бюджет кеч каралып, кеч кол коюлду.

Ал ошондой эле бул нааразылык иш чарасын кызматтан куулган жоопкерсиз офицерлер уюштуруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, айрым жоопкерсиз офицерлер казино, ресторан, сауналарга көзөмөлдүк кылышып, алардан көмүскө акча алып турушкандыгы маалым болуп, кызматтан куулушкан.

Учурда өрт өчүрүү кызматынын шартын жакшыртуу багытында реформалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаныш Рүстөмбеков нааразылыкка чыгышкан өрт өчүргүчтөр менен жолугушуп, алардын талаптары жакын арада аткарыларын, ал эми кызматын таштап нааразылык акциясына келишкен өрт өчүргүчтөр кызматтан четтетилерин баса белгиледи. Министрдин мындай мамилесине өрт өчүргүтөр жалпы иш таштоо менен жооп беришерин билдиршти.

Жаңы жыл алдында Бишкек шаардык өрттөн сактоочу гарнизондун сержанттык курамы жана катардагы кызматкерлери иш ташташып, өкмөттөн он бир айдан бери алышпаган тамак-аш үчүн бөлүнүүчү каражатты, материалдык жардам жана жеңилдиктерди берүүнү талап кылышкан. Алар менен вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков алардын койгон талаптары аткарыларын, биринчи чейрекке чейин өрт өчүргүчтөргө карыз каражаттар берилерин убада кылышкан.

XS
SM
MD
LG