“Агым” гезитинин кабарчысы Жеңишбек Эдигеев “Президент Курманбек Бакиев өлкөнүн тагдырын чечээр маселелерге келгенде эле дайыма эчтемени “укпай” калат, же көрбөй калат. Анан дагы тамашаны сүйбөгөн фигура менен тамашалашканы кызык” деп жазат.
Ушул автордун баамында "кыргыздарды таңгалдырганы өлкөнүн мурдакы Коопсуздук кеңшинин катчысы жана президенттик администрация башчысы Мисир Ашыркулов учурда Орусиянын коопсуздук кызматында иштеп жатканы болду” деп маалымдайт кабарчы Жеңишбек Эдигеев.
“Агым” гезитиндеги дагы бир кабарчы Асланбек Сартбаевдин “Президент Акүйдүн ичинде эле президентпи?” деген макаласы жарыяланды. Анда Аскар Акаевдин саясаты түрдүү сценарийлерди ойлоп таап отуруп, бийлиги тарап кеткени, жаңы бийлик деле ушул багытта баратканы айтылат.
"Өткөн жумада Рысбек Акматбаевдин депутаттыкка талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясы алуу менен президенттин аброюн эл аралык коомчулукка бир көрсөтөйүн десе керек. Бирок андай болбоду” деп жазат Асланбек Сартбаев.
“Аалам” гезити 15 жашка чыкканын жарыя кылды. “Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров мурдакы түнү кичи мекенинен кайтып келатып Төөашуудан автокырсыка учурап, денесине жеңил жарат алды. Аны караган дарыгердин айтымында, Азимбек Бекназаровдун өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деп жазат “Ааламдын” кабарчысы Бакыт Чимтегин.
Ушул “Аалам” гезити да Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин алып, анан кайра коюлушу тууралуу да түрдүү пикирлерди жарыялады.
“Мен күнөөнү Курманбек Бакиевден эле көрөм. Ушуга чейин Рысбекке макул болуп келип, майрамдар өткөн соң алып коюуусу туура эмес” – дейт токмоктук Гүлжамал Сартова.
Ушунун баарына Кыргызстандагы саясий кырдаал, саясий система күнөөлү. Анткени Рысбек Акматбаевдин инисин Батукаевдер өлтүрүп салбаса, ал депутаттыкка талапкерлигин койбойт эле” деген пикирин билдирген өлкөнүн коммунисттер партиясынын лидери Клара Ажыбекова.
"Кыргыз руху” гезити да ушул темага кайрылды. Рысбек Акматбаевдин элди уюштуруп, Акүйгө чыгуусуна жол ачкандардан тарта, президент Курманбек Бакиев менен Рысбек Акматбаевдин бир жерде болуусуна шарт түзгөндөр оюнду “бийлик үчүн күрөшүү улантууда” деп жазат “Кыргыз рухунун” кабарчысы Ниязгүл Масалиева.
“Кыргыз руху” гезити өлкөнүн министрлеринин бейнесин бере баштады.Бул ирет тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов коргоо министри Исмаил Исаков жана транспорт, байланыш министри Нурлан Сулаймановдун ишмердүүлүгүн талдоого алды. “Аликбек Жекшекулов Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда деле жамандык көргөн жок. Турдакун Усубалиевдин Бектемир Айтбаев менен мамилеси жакын. Аликбек Жекшенкуловдо астейдилик менен бирге чечкиндүүлүк бир деп жазат “Кыргыз рухунун” редактору Болотбек Таштаналиев. Ал эми коргоо министри Исмаил Исаков тууралуу, учурда бийликти катуу сындачу, эми өзү сынды туура кабыл алып, бир ууч боевиктерден, криминалдан коркпой армияны түзө алаар бекен” деп жазат.
“Эркин тоо” гезити “Эски бийлик элден бекинсе, жаңы бийлик элден жашынбайт” деп өткөн жума соңундагы окуяларга баяндама жасады.
“Президент Курманбек Бакиев митинг туралуу 31-мартта укканын айтты. Мамлекет башчысын маалымат менен камсыз кылуу кызматкери өз убагында маалымат бербесе, аларды отставкага кетирүү керек” деген пикирин билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев.
“Рысбек Акматбаевдин күнөөсү болсо Борбордук шайлоо комиссиясы аны мурда эле каттабай коюшу керек болчу. Катталгандан кийин же шайлоого бир аз күн калганда алып салуу туура эмес” дейт мурдакы спикер-академик Абдыганы Эркебаев.
Кыргыз туусу гезити да ушул темага кеңири кайрылды. Ушул гезит 3-апрелде өкмөт үйүндө президент, премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме болгонун маалымдайт.
“Эгерде митингдин алдын алууга мүмкүн болбосо, анда маселени тынч, мыйзамдуу жол менен чечүүгө аракеттенүү керек эле. Албетте, премьер-министр Феликс Куловдун аларга чыга албай тургандыгы түшүнүктүү. Бирок сүйлөшүүлөргө биринчи вице-премьер-министрди, же вице премьер-министрди жиберсе болот эле да. Эл алдында өлкөнүн тагдырына мен жооп берем” деген президент Курманбек Бакиев.
“Жаңы кылым” гезити 11-кыргызстандык аял баңги колдонгону үчүн Стамбул түрмөсүндө кармалып турганын маалымдайт. Ушул гезиттин кабарчысы Мирлан Дүйшөнбаевдин айтымында Кулов Акматбаевдин маселесине али да чекит коюла элек: "Мындай эрегишүү көпкө созулчудай” деп жазат автор.
“МСН” гезити да Рысбек Акматбаевдин айланасындагы окуяларга кеңири баяндама берди.