Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

CӨӨК ЖАНА МҮЙҮЗДӨН ЖАСАЛГАН БУЮМДАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Кыргыздар байыртан эле малдын сөөгүнөн, кайберендин мүйүзүнөн турмуш- тиричиликке керектүү буюм- тайымдарды жасап колдонуп келишкен. Учурга жараша бул өнөрдүн өрүшү кеңейип, жаңы түс, багыттар менен өнүгүүдө.

Кыргыз эли илгертен көркөм кол өнөрчүлүктү, зергерчилик, жыгаччылык менен эриш аркак сөөк, мүйүз устачылыгын да муундан муунга өткөрүп келишкен.

Тоо текенин мүйүзүнөн кынаптап жаа жасап, жебелерин дагы сөөктөн даярдаган. Ошондой эле ат жабдыктарына, бычак, канжар, кылыч, мылтыктардын сабын, кундагын да сөөк, мүйүз колдонуу менен жасаган. Үй тиричилигине жарамдуу айрым буюмдарды дагы мүйүздөн кесип, оюп жасап алышкан. Карыялар үчүн асмай салчу чакча, чөйчөк буюмдары мүйүздөн жасалса, кыз- келиндер үчүн сөйкө, шакек, билээрик азем буюмдарына да мүйүз, сөөк колдонулган.

Бабалардан калган бул өнөрдүн учур талабына ылайык өзгөчөлүктөрү, көйгөйлөрү тууралуу ысыккөлдүк белгилүү уста Алик Керимканов мындай дейт:

-Түрдүү темаларга арнап композицияларды жасайм. Мисалы мүйүздөн “кыргыздын көчү, бүркүтчү, жаныбарлардан: илбирс, теке, аркар, кулжа, карышкыр, аюунун элесин жасайбыз. Сөөктөн шахматты да жасап жүрөм. Көп нерсени чыгармачылык менен жасоого болот. Жаа текенин мүйүзүнөн жасалат. Ага бардык эле мүйүздөр жарай бербейт. Аны түздүгүнө жараша кылдат тандап жасаш керек. Өзгөчөлүктөрү, бул баягы өлгөн текелердин мүйүздөрү он жыл жатса да эч нерсе болбойт, чирибейт. Жасалгандан кийин андан бетер жүз жылдап тура берет. Бекемдиги жыгачтан, башка керамика буюмдарына караганда булардын көрүнүшү, текстурасы дагы, чирибегени менен айырмаланат. Үйгө койгондо бул кайберендин мүйүзү жакшы жөрөлгө болот.

Алик уста бир жолу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин аялына Сара айым үчүн атайын белекке эки метр кылып “Кыргыз көчүн” жасаган экен. -Анда ат минген кары, жаш, кыз- келин, төөгө жүктөлгөн боз үйлөр, буюмдар, көчтү коштогон жан- жаныбар, мал баары бар. Андан башка дагы композицияларым толтура. Бирок бир да жолу жармаңкеге чыга элекмин. Көргөзмөгө да катышканым жок. Бизге көңүл бурулбай, өз арбайыбызды өзүбүз согуп, көр- тирлик менен эле алышып келүүдөбүз,-дейт Алик уста.

Кыргыз усталары сөөк жана мүйүздөн жасаган буюмдарын чет өлкөлөрдө абдан кызыгуу менен кабыл алышаарын, бул буюмдардын экологиялык тазалыгын, бекемдигин айтуу менен аларды товар, белек катары таанытуучу атайын аземдүү кутучага салуу, эл аралык стандарттагы сертификат, чет тилдеги түшүндүрмөсү жоктугу гана аксатып турганын бишкектик уз Мунара Абдураимова белгиледи:

- Кыргыздын сөөк, мүйүз буюмдары башкалардыкына салыштырмалуу өзгөчөлөнүп айырмаланып турат. Анткени анын оюму, дизайны, жасалгасы өзгөчөлөнүп, дароо таанууга болот. Бабаларыбыз бозүй сыяктуу мүйүз, сөөк өнөрчүлүгүн дагы өнүктүрүп, атадан балага, кылымдан кылымга өтүп келатат. Учурда сөөк, мүйүз устачылыгынын актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл көркөм буюмга айланып баратат. Биздин усталар дагы эл аралык сертификат алышып, аземдүү жасалгасы менен кутучаларга салуу менен товардын көркүн чыгарууга маани бербей келатышат. Бул тараптан дагы жаңылык киргизүүсү зарыл. Чынында эле кыз- келиндер үчүн сөөк, мүйүздөн сөйкө, шакек, билээрик жасалып жүргөнү менен түрү аз болууда. Ошондой эле сөөктөн жасалган оймок бааланып келген. Мына ушуну да усталар унутпай эске алса дейм. Себеби, чет өлкөлөрдөн келген туристтер чоң буюмдарга кызыкканы менен сатып алышпайт. Жеңил көркөм буюмдарды сатып алышкандыктан, мүйүз, сөөк менен иштеген усталардын атайын көргөзмөсүн да уюштуруу зарыл.

Кол өнөрчүлүктүн башатында турган “Кыял” өндүрүштүк бирикмеси сөөк, мүйүз менен иштеген усталарга көңүл бурбай, алардын өнөрүнө арналган көргөзмөлөр уюшулбай, эл аралык деңгээлге чыгууга багыт бербей келатканын ысыккөлдүк уста Алик Керимканов өкүнүү менен билдирди.

- Негизинен чет өлкөлүктөр, казактар көп сатып алышууда. Үйүмө чейин келип, атайын заказ беришет. Биздей усталардын башын бириктирип, атайын көргөзмө уюштурса дурус болоор эле. Чет өлкөлөрдө өткөн жармаңкелерге биздин буюдарды алып барышканы менен авторлорду эске алып да коюшпайт. Кыргыз барда бул өнөрдүн учугу үзүлбөйт, эми уулдарыма үйрөтүп жатам.

Өлкөдө сөөк, мүйүз менен иштеген усталар саналуу гана. Мыкты усталардын аземдеп жасаган жаасы же композициясы миң америка долларына чейин бааланаарын адистер айтып жүрүшөт. Мындай буюмдарды мурда чет өлкөлүк туристтер гана алып жүрсө, учурда жергиликтүү ишкерлер, инсандардын кызыгуусу күч алууда. Айрым чет өлкөлүктөр долбоор даярдап, биргелешип иштөөнү сунуштап жатышканын усталар айтышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG