Линктер

 
ОРУСИЯЛЫКТАР 2030-ЖЫЛЫ 120 МИЛЛИОНГО ЧЕЙИН АЗАЯТ. МИГРАНТТАРГА ЖЕҢИЛДИК. КУШ ТУМООСУ3 КОНТИНЕНТТЕ. ШАРАП ФОНТАНЫ.
ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

ОРУСИЯЛЫКТАР 2030-ЖЫЛЫ 120 МИЛЛИОНГО ЧЕЙИН АЗАЯТ. МИГРАНТТАРГА ЖЕҢИЛДИК. КУШ ТУМООСУ3 КОНТИНЕНТТЕ. ШАРАП ФОНТАНЫ.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык басма сөз кийинки учурда калк саны кескин кыскара баштаганы, Мамдуманын мигранттарга жеңилдик бергидей жаңы мыйзам долбоорун биринчи окуудан өткөргөндүгү, куш тумоосу жана Одессадагы шарап фонтаны тууралуу окуяларга орчундуу назар салууда.

Кыргызстанда уюшулганы аткан мамлекеттик совет туурасында «Коммерсант» жазып чыкты. Аны президент «натыйжалуу мамлекеттик башкаруу апсабы» катары түзүп атат деп айтылат. Басылма Бакиевдин өз админстрациясын сынга алган жерин сайып көргөзөт.

2030-жылы Орусиянын эли 120 миллионго чейин азаят деген божомолун «Страна.Ру» сайты жарыялады. Мамдуманын саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Татьяна Яковлева айтканга шилтеме берилип: «21 кылымда Орусия башынан өткөрө баштаган демографиялык оор кризис ушул бойдон өнүгүп олтурса, анда 2075-жылы өлкөдө, болжол менен алганда, 80 миллион гана киши калат» , - деп айтылат.

Үстүдө жылы 142 миллион 700 миң атуулу бар Орусиянын мындай абалга дуушар болушу канчалык реалдуу экенин изилдөөгө алган эксперттер аны мисалдар менен бышыкташат. «Орусияда ар мүнөттө 3 бала туулуп, 5 киши көзү өтүп турат. Маселен, 2005 жылы өлкөдө ар бир миң киши ичинен 16,1 киши өлгөн», - деп жазат «Страна.ру».

Кечөө Мамдума олтурумунда миграцияга тийиштиги бар жаңы мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Ал туурасында «Коммерсант» макала басты. Думанын конституциялык мыйзамы жана мамлекетти куруу боюнча комитетинин жетекчиси Владимир Плигиндин болжолунда «жаңы мыйзам Орусияда мыйзамсыз жашап аткан чет өлкөлүктөрдү ачыкка чыгарууга кепил болот. Бизде мыйзамсыз жашап атышкан 10 миллиондон 15 миллионго чейинки чет элдик атуулдар бар. Аларды ачыкка чыгаруу кези алдыда күтүп турат», - деген Плигин ал жерде.

Басылма жазганга караганда жеңилдик КМШ өлкөлөр мигранттарына гана берилет. «Мыйзам арибине ылайык эми чет элдик жарандар Орусиянын бардык жеринде жүрө алат. Ал ким экендигин күбөлөгөн документи болсо жетиштүү болот. Ал кайсы мамлекеттин атуулу жана Орусияда жашачу жери кайда экенин көргөзүү жетиштүү болот. Жылына бир жолу гана миграциялык кызматка барып өзүнүн Орусияда жашап атканын билдрип туруу талап кылынат», - деп жазат Виктор Хамраев.

«Новые известия» бул күндөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азербайжандык үч кишинин Аш-5 Эн-1 тумоодон каза болушканын тактап чыккандыгын жазат. Ар кайсы басылмалардан Аш-5 Эн-1 вирусу үч континенттеги 37 мамлекетти кучагына алгандыгы маалым болот. Куш тумоосу жуккан 176 кишинин 96 сы айыкпай кайтыш болушкан. Кийинки учурда куш тумоосу азыр эки түрдө кездеше баштаган.

Украиналык «Йоки. Ру» сайты жазганга караганда Одесса калаасында коло фонтаны курулуп атат. Ал фонтандын үч тарапты караган чоргоолору бар. Ошол чоргоолордон ачык кызыл, ак жана кочкул кызыл шараптар атырылып турчу болот. Каалагандар ошол жерде аны чөмүч менен сузуп ичсе болот. Эмне дегенде ал – бекер тамак. Андан ары шарап фонтанынын ачылышы 12-сентябрде, шаардын ортосундагы Мамлекеттик бакта болоору айтылат.
XS
SM
MD
LG