Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

АКШ- РОССИЯ КЫЗМАТТАШУУСУ: ЭКСПЕРТТЕРДИН БААСЫ


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шейшемби күнү АКШ президенти Жорж Буш, Мамкатчы Кондолиза Райс менен кездешет. Вашингтондогу жолугушууда Ирандын ядролук программасынан тартып, Чоң Жетинин июнда болчу саммитинде каралчу маселелерге чейин талкууланат. Лавровдун визити алдында Американын өтө беделдүү изилдөө борбору- Тышкы байланыштар кеңеши АКШ-Россия мамилелери тууралуу доклад жарыялады. Доклад авторлору Москва-Вашингтон арасындагы мамиле тууралуу эмне дешет?

Тышкы байланыштар кеңешинин докладында, президент Путиндин тушунда Россия демократиядан артка кетенчиктеп баратканы; Батыштын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракетине кээде каршы саясат жүргүзгөнү; мурдакы советтик мейкиндикте, анын ичинде Борбор Азия жана Чыгыш Европада өз таасирин күөтүүгө аракет кылып жатканы белгиленет.
Карт саясатчы, он жыл мурда республикачыл партиядан вице-президенттик шайлоого ийгиликсиз катышкан Жэк Кэмп докладдын Вашингтондо болгон жүз ачарында Россиянын проблемаларына анча маани бербестен, өлкөнүн келечеги эркин экономикада экенине басым жасады:

-Экономикалык эркиндик –чындыгында- саясый эркиндикке алып барат. Россиянын экономикасынын эркин болуусу Батыштын кызыкчылыгына ылайык келет жана либералдуу демократиялык институттарды курууга жол ачат. Менин оюмча, доклад насаат айтпай, кейип-кепчибей, эч кимдин мурдундагы кирди аарчыбай, калыс жазылган.

Жек Кэмптин айтымында, Вашингтон Москва менен кызматташуусу зарыл, лекин кызматташуу “кызыкчылыкка ылайык” болуш керек.

Докладдын авторлорунун бири Стефан Сестанович Россияда олуттуу саясый-экономикалык проблемалары болгонуна карабастан, аны менен позитивтүү иш жүргүзүү маанилүү деп санайт. Маселен, анын пикиринче, АКШ ядролук технологияны бөлүшүү жөнүндө Индия менен кол коюлган келишим Россия менен да түзүлүш керек:

-Биз келишим түзүп, өз ара мамилени дагы бекемдөө багытында шымалана иштешибиз зарыл. АКШ ядролук технологияны граждандык өндүрүштө колдонууда Россия менен кызматташууну кеңейтиши керек. Мындай мамилени президент Индия менен түздү го.

Тышкы байланыштар кеңешинин тең төрагасы, экс-сенатор Жон Эдвардс президент Путиндин Чоң Жетинин саммитин Санк- Петербургда өткөрүү планына, анда отун энергия, коопсуздук, билим берүү жана табигый кырсыктар сыяктуу гана суроолор талкууланат деп чечкенине нааразы экенин билдирди. Эдвардстын сөзүнчө, анын мындай көз карашын Жек Кэмп да жактайт. Экс-сенатор ушундан келип, Чоң жетинин министрлери, Чоң Сегиздин жыйынында каралчу маселелерди Россиясыз эле даярдап, Санк-Петербургдагы жыйын Путиндин контролу астында өтүүсүнө жол бербеш керек деген көз карашта.

6-мартта Мамдепартаментте өткөн маалымат-жыйынында Тышкы байланыштар кеңешинин доклады тууралуу да кеп болду. Басма сөз өкүлү Син МакКормак кабарчылардын суроосуна, АКШ жана Россия террорчулукка каршы күрөш, Жакынкы Чыгыш маселеси, куралдарды жайылтпоо сыяктуу маанилүү проблемаларда кызматташып жатканына, бирок, Россияда бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам кабыл алынганын жана Москва энергияны “саясый курал ирети” пайдаланганына көңүл бурду.

XS
SM
MD
LG