Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

КЫРГЫЗ МУСУЛМАНДАРЫ КЫЗМАТТАН КЕТКИСИ КЕЛГЕН МУФТИЙГЕ КАЙРАДАН ИШЕНИМ КӨРГӨЗҮШТҮ


Кыргызстан мусулмандар башкармасынын уламалар кеңеши 28-февралда болгон жыйында кызматтан бошотууну суранган муфтий Мураталы ажыны кайрадан ошол кызмат ордуна бир добуштан шайлап салды.

Уламалар кеңешинин жыйыны абдан узак убакытка созулду жана ал жабык эшик артында өттү. Андыктан уламалар кеңешинин чечимдери 1-мартта “Кабар” маалымат агенттигинде жарыя болду. Уламалар кеңешинин мүчөсү Мамбетасан Ибраевдин айтымында Он саатка созулган уламалар кеңешинин жыйынында ажылыкты уюштуруу маселеси талкууланып, айыптуу дин кызматкерлери кызматтарынан четтетилди. Айрымдарына мөөнөт берилди.
Жыйынга чейин муфтий Мураталы-ажы Жумановду кызматынан кетсин деген талаптар болду эле, аларды негиз тутуп Мураталы-ажы Жуманов кызматтан бошотуп коюу жагын суранган. Бирок, кырдаалдын татаалдыгын, татыктуу муфтий табуу оор болорун эскертүү менен уламалар кеңешинин мүчөлөрү аны ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан кайра муфтийликке шайлап коюшту.

Уламалар кеңешинин жыйынынын астында сүйлөгөн сөзүндө муфтий Мураталы-ажы Жуманов бул кызматка эч муктаж эмес экендигин баса белгилеген:
“Бул кызматка жармашып-ирмешпейм. Кызматтан кетсем дагы башымды бийик көтөрүп жүрөм. Анткени мусулмандар үчүн, ислам дини үчүн күйүп-жанып иштеп бердим. Айыбым болсо койгула, мына. Ажылыктын башаламандыктары мен үч айлык отпускеге кеткенде болуптур...

Быйыл ажылык сапарды уюштурууда көп чыр-чатак чыккан. Эки миңдей адам ажылык сапарга бара албай калгандыгы жөнүндө арызданышкан. Бул арыздарды териштирүү үчүн атайын коомдук комиссия түзүлгөн. Коомдук комиссия ажылык сапарды уюштуруу учурунда жол берилген айрым каржылык мыйзам бузуулардын бетин ачкандыгын “Кабарда” болгон маалымат жыйынында комиссия төрагасы Асылбек Кудайбердиев жарыя кылды:

Бир жарым ай ичинде биздин комиссия айрым дин кызматкерлеринин ажылыкты уюштуруу учурунда акча-тыйын жыйнаганга кириптер болгондугун далилдей алды. Маселен, Жалалабат облусунун мурдагы казысы Орозов Дилмурат 8 миң долларды ажылардан ашыкча алып, аларды казиятка же муфтиятка киреше кылбастан, өз чөнтөгүнө кымырган. Муфтийдин милдетин аткаруучу Нематулла Жээнбеков 6 миң доллар, ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Лугмар-ажы Гуахунов 1 миң доллар, 12 миң сом кайтарыш керек.

Асылбек Кудайбердиев каржылык мыйзам бузууларды жасаган адамдардын иши укук коргоо органдарына расмий тапшырылбай тургандыгын, аны өздөрү бүтүрө тургандыгын айтып кетти:

-Уламалар кеңешинин мүчөлөрү үч адам үчүн ислам дини жаманатты болуп калбасын, биринчи максат – алардын алгандарын ээлерине кайтаруу деп чечишти.

Уламалар кеңешинде Муфтийдин биринчи орунбасарлыгына Сүйүн-ажы Кулуев, орунбасарлыгына Мамбетасан Ибраев шайланды. Ошондой эле Баткен, Чүй , Жалалабат облустарынын казылары да жаңыланды.
XS
SM
MD
LG