Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

ИРАКТА АРАЗДАШУУЛАР БАСАҢДАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын борбору Багдад шаарында мындан үч күн мурда киргизилген өзгөчө тартип абалы 27-февралда эртең менен токтотулду, бирок түнүчүн андай өзгөчө абал дагы улантылат. Төрт күндүн ичинде өлкөдө ар башка кагылышуулардан эки жүзгө жакын адам курман болду.

Багдад шаары менен бир нече провинциядагы өзгөчө тартип - 22 февралда Самарра шаарындагы алтын мечиттин ичинде жарылуу болгондон кийин киргизилген. Шийи мусулмандары ыйык деп эсептеген ал мечитте белгисиз адамдар жардыруу уюштургандан анын алтындалган кумпасы урап түшкөн жана ага өч алуу иретинде бир нече сунни мечиттерине жана сунни коомдоруна каршы чабуул жасалып, эки жүзгө жакын адам набыт кетти. Айрым жетекчилердин пикиринде, башталган араздашуу ич-ара согушка да айланып кетиши мүмкүн болчу, бирок 27-февралга карата абал бир топ тынчыды.

Өлкөдө декабрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы катары жаңы өкмөт түзүлө элек, бирок премьер-министр аталган. Өкмөттүн курамын аныктоо боюнча сүйлөшүүдөн сунни партиясы Самаррадагы жардыруудан кийин чыгып кеткен, бирок азыр кайрадан саясий жараянга кошулууга даяр экенин расмий эмес кабарларда билдирүүдө.

Жардыруудан кийин түзүлгөн опурталдуу абал учурунда радикал шийи уюмдарынын мааниси бир кыйла жогорулады. "Мехди армиясын" түзүп, мурда америкалыктарга каршы эки куралдуу козголоң уюштурган имам Муктада ас-Садр 26-февралда элди тынчтанууга чакырды: "Пайгамбар Мухаммед мурда жасагандай, мен да бардык мусулмандарды - шийилерди да, суннилерди дагы - бир тууган болууга чакырам", - деди Садр.

Дубайидеги Илимий изилдөө борборунун эксперти Мустафа Аланинин айтымында, ушундай кыйчалыш учурларда радикал саясатчылардын мааниси жогорулайт: "Садр мырзанын стратегиясы азыр - Ирактын жана, мүмкүн, бүткүл региондун лидерине айлануу. Жардыруу болоордун алдында ал Сауд Арабия, Иран, Сирияга барып келген жана эми кандайдыр бир жетекчи болууну каалайт",- дейт Алани.

Айрым башка эксперттердин айтымында, сунни мечиттерине каршы акыркы күндөрдө жасалган чабуулдарга Садрдын "Мехди армиясынын" жоокерлери катышкан жана аларды тынчтанууга чакыруу менен имам өлкөдөгү абалды жөнгө салууга жөндөмдүү адам экенин көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Анткен менен Садр мурдагыдай эле - америкалык аскерлердин Ирактан чыгып кетишин дагы талап кылып жатат. Декабрдагы шайлоодо Садр депутат болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG