Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

КЫТАЙ: БУУнун ЭМКИ БАШ КАТЧЫСЫ АЗИЯЛЫК БОЛУШУ КЕРЕК


Өткөн аптада Коопсуздук кеңеши Улуттар уюмунун келээрки баш катчысын тандоо маселесин талкуулай баштады. Азыркы баш катчы, Ганалык Кофи Аннандын кызмат мөөнөтү ушул жылдын аягында бүтөт. Аннан дүйнөлүк уюмду дээрлик он жылдай башкарды, Улуттар уюмунун хартиясына ылайык, ал 3-мөөнөткө шайлана албайт.

АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Жон Болтон жаңы баш катчыны шайлоо быйылкы жылдын эң маанилүү чечими болорун айтат.

- Биз азырынча жаңы баш катчынын талапкерлиги боюнча жалпы талкуу гана жүргүздүк, эми бул маселе Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш өлкө ортосунда тыгыз талданат. Азырынча ушуну гана айта алам.

Улуттар уюмунун хартиясына ылайык, Коопсуздук кеңеши сунуштаган баш катчыны Башкы ассамблея бекитет. Жазылбаган, бирок ушуга дейре бузулбай келаткан дагы бир эреже боюнча, талапкер Коопуздук кеңешине добуш бере алчу беш өлкөнүн өкүлү боло албайт. Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчөлөр – Кытай, Франция, Орусия, Британия жана АКШ экенин эске сала кетелик.

Айрым дипломаттар ушул эрежеден улам АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Улуттар уюмуна баш катчы боло албастыгына өкүнүчүн билдирүүдө. Дүйнөлүк уюмду жетектөөгө талапкер аталгандар арасында Польшанын экс-президенти Александр Квасьневски, Таиланддын вице-премьер-министри Суракиарт Сатиратай, Башкы ассамблеянын азыркы президенти, швед Ян Элиассон, Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Бан Ки-Мун жана Улуттар уюмунун куралсыздандыруу боюнча башкы чабарманы, Шри Ланкалык Жаянта Дханапаланын ысымдары аталууда.

Улуттар уюмунун 61 жылдык тарыхына салт катары кирип калган дагы бир бейрасмий эреже – баш катчылар улам башка географиялык аймактан тандалат. Бирок, АКШнын өкүлү Болтон бул ирет талапкер кайсыл бир чөлкөмдөн болушу шарт эмес, ал атаандаштарын башка сапаттары менен жеңиши керек деп белгиледи. Ал анткен менен, Улуттар уюмунун Афро-Азиялык мүчөлөрү буга чейин сакталып келген эрежеге ылайык, эми баш катчы Азиялык болушу керек деген пикирде.

Улуттар уюмунун соңку Азиялык баш катчысы, 1962-71-жылдары бул кызматта иштеген Бурмалык У-Тант болгон. Кытайдын Улуттар уюмундагы элчиси Ванг Гуангуа Бэйжин Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жарымынан көбү колдоп жаткан Азиялык талапкерди түртмөлөйт деп билдирди.

- Биз Азиялык талапкерди колдоорубуз анык, ал көз карашыбыздан кайтпайбыз. Анткени 2 млрд. адамдан ашуун калкы бар Азия Улуттар уюмунун баш катчылыгына мыкты талапкерди көрсөтө алаарына ишенебиз.

Улуттар уюмунун келээрки баш катчысынын талапкерлиги жайында өтө турган Башкы ассамблеяда талкууланып, сентябрдагы сессияда жыйынтыкталат. Орусиянын Улуттар уюмундагы элчиси Андрей Денисов Азиялык талапкер жөнүндөгү сөздөр бул эми жөн эле салт болуп калган, эреже, же мыйзам эмес, талкуулар али алдыда деп билдирди.

Улуттар уюмунун тарыхында бир да аял баш катчы болгон эмес. Эл аралык теңдик уюму ушул маселеге көңүл буруп, дүйнөлүк уюмдун жетекчилигине Латвиянын президенти Вайра Вике Фрейберга, Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Луиз Арбур айымды жана Бурманын шайланган премьер-министри, белгилүү диссидент Аунг Санг Суу Кыйды сунуш кылууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG