Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

КАПАР МУКЕЕВ КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТИЛДИ


Кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу 31-январда Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчиси Капар Мукеев өкмөт башчысынын буйругу менен убактылуу кызматтан четтетилди.

Кызматтан четтетилген Капар Мукеевдин милдетин Жаза аткаруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Батыр Калыгулов убактылуу аткарууда. Бул тууралуу Адилет министри Марат Кайыпов 1-февралда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жаза аткаруу башкармалыгы түрмөлөрдүн айланасын тосуу максатында бир килограммы 55 сомдук тикенек зымдын килограммын 115 сомдон сатып алуу боюнча белгисиз фирма менен келишим түзүп, жыйынтыгында 2 млн. сомдун изи сууган.

Ал эми Капар Мукеев Жаза аткаруу башкармалыгы айрым жетекчилердин “жем жеген” тармагына айланганына байланыштуу коррупцияга каршы күрөш баштаганын билдирди. Анын мындай кадамы айрым чиновниктерге жакпай спецпрокуратура кылмыш ишин козгогонун айтты:

-Ачыгын айтканда спецпрокуратурадагы Табирисов деле айтып атпайбы, “бизге команда өйдө жактан болду, Мукеевди өз ордуна коюп коюш керек ” деп. Бул жерде финансылык пирамида “левый” фирманы Адилет министрлиги 3 миң сомго ачып берип атат. Минфин акча таап берип атат. Казначейство дагы. Аларды эмнеге текшербей туруп, анан күнөөлүү ГУИН болуп калышы керек. Мен финансисттерге айткам, сураган проценттерин бербейм деп.

XS
SM
MD
LG