Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

САЯСАТКА УБАГЫНДА КЕЛИП, УБАГЫНДА КЕТКЕН ЕЛЬЦИН


Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин бүгүн 75 жашка толду. 1931-жылы Уралдагы алыскы айылдардын биринде туулуп-өскөн Ельцин бир кезде кубаты зор Советтер Союзун кулаткан окуялар маалында чоң саясатчы болуп чыга келген. Анын бийлиги тушунда Орусияда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш боло жаздап, Чеченстанда эки ирет согуштук аракеттер башталды. Элдин баары 2000-жылды тосууга камданып жатканда, күтүүсүздөн өз бийлигин азыркы президент Путинге өткөрүп берип баса берген Ельцин ушу тапта Москванын четиндеги мамлекеттик дачада бейкапар жашоо сүрүүдө.

Жеке адамга баш ийбеген коомдук мыйзамдар бар эмеспи, аларга ылайык мамлекет башчынын кыял-мүнөзү, жүрүм-туруму – ал башкарган элдин чакан күзгүсү болуп калат турбайбы. Анысы кандай, бүгүн Орусиянын алгачкы президенти Борис Ельцин кутман курак 75ке чыгып жатканда, Батыштык маалымат каражаттары анын саясий майдандагы жетишкендиктери, кемчиликтерин гана эмес, ичип алып Германияда оркестрди башкарганы, Ирландиянын премьер-министри самолеттун чыга беришинде тосуп алайын деп күтүп турса, бутуна тура албай чыкпай койгонун көркөмдөп жазып атышат. Бирок алардын баары бир ооздон белгилегендей, Борис Ельцин көпчүлүктүн эсинде 1991-жылдын август айында Советтер Союзун кайра тирилтмекчи болгон “ПУТЧ” деген атка конгон төңкөрүштү жеңип, Кызыл аянтта танктын үстүнө туруп алып айткандары тарыхка кирип калды.

-Эл мындан бир нече жыл мурунку коркуп-үркүү сезиминен арылды. Мен өз мекендештеримди улуттук биримдикти даңазалаган жаңыланган, кайра жаралган Орусияны куруу аракетин баштоого чакырам, - деген Ельцин эл аралык деңгээлде жана Орусиянын өзүндө эркиндик менен демократиянын символуна айланган эле.

Бирок чоң өлкө кыйрап, саясий система алмашканда коомдогу социалдык-экономикалык башаламандык күч алып, нааразычылык туу чокусуна жеткенде, 1993-жылы парламент Ельцинге импичмент жарыялай жаздап, ага удаа дагы бир төңкөрүш басылды.

Дипломатиялык протоколду бузганга маш, көчөдө эл менен кошо ырдап-бийлеп кеткен шайдоот Ельцин өз колундагы мамлекеттик аппараттын күчү мененби, же кандайдыр жеке касиеттеринин жардамы мененби, айтор өз өлкөсүндөгү оор кырдаалга карабастан, 2 ирет Орусиянын президенти болуп шайланды.



-Орусиянын алгачкы президенти башкарган жылдар, же анын башкаруу жөндөмү ар түркүн маанайда чагылдырылып, ар башка баага арзышы мүмкүн. Бирок баарынан маанилүүсү, Орусия калкынын эркиндикке жеткени – Борис Ельциндин тарыхый салымы болуп калганы талашсыз,- деп белгиледи шейшембиде Кремлде өткөн маалымат жыйынында президент Путин.

Өткөн айда уюшулган сурамжылоого ылайык, ага катышкан 1 жарым миңдей орусиялыктын 70%ына жакыны Ельцин Орусияга пайдадан көрө зыянды көп алып келди деп эсептешет. Мындай пикир кечээ жакында пайда болгон жок, коомдогу маанайды сезген кеңешчилери акылмандык кылдыбы, же өзү мамлекет келечегин ойлодубу, айтор Борис Ельцин 1999-жылдын акыркы күнү бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетип жатканын жарыялап, дагы бир ирет саясий эркин көргөзө алды. Эми ал өзү мамлекеттик дачада элден жашынбай, коркуп-үркпөй бейкапар жашоосун улантып жаткан кез. Анын саясий ишмердигин ар тараптан талдаган маалымат каражаттарынын бири - Интернеттеги wikipedia эркин энциклопедия жазгандай, Ельциндин аракечтигинин айынан кабыл алынган бир катар маанилүү чечимдер Орусиянын, атүгүл бүткүл дүйнөнүн тагдырына таасир эткен күндөр болгон. Анын кыял-жоругу туурасында далай китептер жазылды, бирок алардын авторлору дагы далай шумдуктуу окуялар көшөгө артында калганын айтып келатышат. Балким, келечекте жазылаар деп күтө туралы.

Аягында кошумчалай кетели, кыргыз элинин кеңпейилдигин көргөзгүсү келдиби, айтор мурдагы президент Акаев кыргыз-орус славян университетин Ельциндин ысымына атап, Ысыккөлдүн жээгинде алгачкы орус президентинин апакай айкели орнотулган. Анын ачылышында Ельцин өзү: “Башка бир да жерде эстелигим жок,” деп арызданганы бар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG