Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Украина орусиялык Кара деңиз флотунун ижара акысын көбөйтүүнү караштырууда


Украина Крымда Орусиянын Кара деңиз флотунун турушу үчүн ижара акысын төрт эсеге көтөрүүнү караштырып жатканын кечээ "Коммерсанть- Украина" басылмасы украин коргоо министри Анатолий Гриценкого шилтеме берип жазып чыкты. Мындай кадам эки өлкөнүн ортосунда газ баасына жана Крымдагы навигациялык жабдууларга байланыштуу талаш- тартыштар орун алган соң жасалып олтурат. Украин тышкы иштер министринин орун басары Владимир Огрызконун айтымында, Киев азыр Кара деңиз флоту колдонгон украиналык мүлктү инвентаризациялоону да пландоодо:

-Биз өз инвентаризациябызды өткөрүшүбү керек. Буга Орусия да кызыкдар деп ойлобуз жана ал тараптан каршылык көргөзүлбөйт деген үмүттөбүз.
Башкача болгон шартта, Орусия өз милдеттемелерин бузгандыгы жөнүндө айта алабыз.


1997- жылкы келишимде Киев Кара деңиз флоту Севастополь шаарындагы портто 2017-жылга чейин туруусуна макул болгон. Ижара акысы жылына 98 миллион доллар деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG