Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Чегарада Сох анклавында кыргыз жүргүнчүлөрү тонолууда


Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын Сох анклавында 15-январь күнү кечинде Ош-Баткен каттамындагы жүргүнчүлөрдү тоноолор орун алды. Кардын калың түшкөндүгүнөн улам Сох районуна караштуу Калла айылынын аймагынан Кыргызстандын автомашиналары жолдун өйдөлүш аралыгында чыга албай калышкан. Жардамга бир топ өзбек атуулдары келишкен. Алардын арасында 10 чакты өспүрум балдар бейбаштык кылып, жүргүнчүлөрдүн буюм- тайымдарын уурдап алышкан. Кээ бири айдоочуларга кол салууга чейин барып жатышат. Бул туурасында окуяга күбө болгон кыргызстандык жүргүнчүлөр айтып беришти.


Аба ырайы
БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 17-январда түнкүсүн Кыргызстандын айрым облустарында ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт.
Абанын температурасы:
Талас дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус.
Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...+1 градус.
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -8...-13 градус.
Бишкек шаарында кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз -1...-3 градус болот.

Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров, Бишкек.


Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG