Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Куш тумоосуна каршы күрөшүү боюнча улуттук программа иштелип чыкты


БИШКЕК. Кыргызстанда куш тумоосуна каршы күрөшүү боюнча улуттук программа иштелип чыкты. Бул программа өкмөт тарабынан жактырылып, бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ушул жылдын 10-январында бул уюмдар менен Кыргызстандын ортосунда аталган программаны ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинен 5-январда кабарлашты.

Былтыр куш ылаңы Түркия, Румыния, Орусия жана Хорватияда табылган, 2003-жылы мындай илдеттен Түштүк-Чыгыш Азияда жетимиштен ашык адам өлгөн. Ал эми быйылкы жылдын башында Түркиянын Ван аймагында 14 жашар бала куш ылаңынан каза тапканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG