Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

ИРАК МУНАЙЫН САТУУДА «ЖЕМСӨӨЛҮК» КАЙРА АНЫКТАЛДЫ


Ирак өкмөтү мунай сатууну жакшы контролдобой эркин койгон. Министрликтердин чыгамдары да начар көзөмөлдөнөт. Мунайдан түшкөн каражат кандай сартпалып жатканы белгисиз. Мунайдан түшкөн акчалар топтолчу-Ирак өнүгүү фондунун ишмердүүлүгү начар контролдонот. Бул эсеп-кысаптарды текшерүү боюнча адистешкен Масилээт жана мониторинг боюнча эл аралык кеңештин бүтүмү. Финансылык тартипти бекемдөө үчүн Улуттар Уюму эл аралык кеңештин Ирактагы мандатын дагы бир жылга узартууну оң тапты.

Масилээт жана мониторинг боюнча эл аралык кеңеш ( IAMB)- Ирак мунайын сатуудагы бейсарамжалдыктарды төрт топко бөлөт:
-Өлкөдө канча мунай сатылып жатканы кылдат эсепке алынбаган;
-Мунайды түрдүү товарларга алмаштыруу кеңири жайылган;
- Министрликтердин чыгымдары катуу көзөмөлгө алынган эмес;
- Ирак өнүгүү фонду (DFI) айрым долбоорлорду эч кандай тендерсиз эле ыйгарып койгон.

Улуттар Уюмунун “Мунай ордуна азык-түлүк” программасы боюнча октябрь айында жарыяланган докладда да Ирак мунайын сатуудагы жемсөөлүктү ашкерелеген айныгыс далилдер келтирилген болчу.

Аптанын шаршемби күнү Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында Масилээт жана мониторинг боюнча эл аралык кеңештин төрагасы Жан-Пьер Альбвахс “коррупция”, “жемсөөлүк” деген сөздөрдү колдонуудан качты. Бирок, IAMB 2003-жылдын декабрында Иракта иштей баштагандан берки текшерүүлөр министрликтер мунайдан түшкөн каражатты начар контролдошконун айтты:

- Аудиторлор министрликтердин административдик жана финансылык чыгымдарын, АКШлык агенттиктердин Ирактын өнүгүү фондунун каражаттарын пайдалануусун жана Ирак бийликтеринин Өнүгүү фондунун акчаларын сарптоосун сындап жаткандыктан Өнүгүү фондунун каражаттарды максаттуу сарптоосу боюнча бизди түйшөлткөн суроолор бар.

Альбвахс башындагы комиссия-бартердик алмашуулар боюнча Коопсуздук Кеңеши 1483-резолюциясында талап кылгандай- тийиштүү маалымат берилбей жатканын мурдатан эле эскертип жаткан. Тендерсиз берилген 25 контрактты текшерүү үчүн атайын атактуу аудитордук мекеме- KPMG тартылган. KPMG өткөргөн текшерүү 600 миллион долларлык келишимдерди берүүдө “ айрым мыйзам бузуулар” болгонун тастыктаган.
Азыр Halliburton компаниясына төлөнгөн 210 миллион доллардын башы ачылбай турат жана акчаны АКШлык ишкана Иракка кайра кайтарышы мүмкүн.

Эл аралык валюта фондунун өкүлү Берт Кюппенстин сөзүнө караганда, Ирак бийликтери мунай сатуудагы финансылык кемчиликтерден айрылуу үчүн чечкиндүү аракеттенүүдө. Анткен менен БУУнун Коопсуздук кеңеши Альбвахс жетектеген Масилээт жана мониторинг кеңешинин мандатын дагы бир жылга узартты.

XS
SM
MD
LG