Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Казакстандыктар Бишкекте пикетке чыгышты


БИШКЕК. Махамбет Абжандын 23-декабрда Казакстанга өткөрүлүп берилишине нааразы болгондор Акүйдүн алдына 24-декбарда пикетке чыгышты. Алардын ичинде Махамбеттин ата-энеси, казакстандык Азамат Жетписбаев жана кыргызстандык «Бирге», Укук коргоочу жаштар тобу кыймылдары бар. Махамбет Абжан Бишкекте убактылуу жашап жүргөн кезинде 13-декабрда Казакстан укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча камакка алынган. Ал Бишкек ички иштер башкармалыгынын тергөө абагында 10 күн кармалып, 23-декабрда Казакстанга өткөрүлүп берилди. Махамбет Абжандын атасы Муратбек Абжан журналисттерге “Кыргызстандын демокартиялуу мамлекет экенине ишенем, кыргыз бийлиги баламды Казакстанга кайтарбайт деп үмүттөндүм эле”, деген оюн билдирди. Махамбет Абжан «Казакстан патриот жаштары» кыймылын жетектеген. Ал Азамат Жетписбаев экөө “Жаш патриот” гезитин чыгарып, анда Нурсултан Назарбаевге кескин сындарды айтып турушкан.

XS
SM
MD
LG