Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Бишкектеги мамлекеттик мекемелерде пара алуу эки эсеге өскөн


БИШКЕК. Баш калаадагы мамлекеттик мекеме, ишканаларында пара алуу эки эсе көбөйдү. Ал эми кызматтык кылмыштар жана коррупция март ыңкылабына чейин эле болуп келген жана азыр да уланууда. Бул тууралуу Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмышка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Талгат Бекбоев 20-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 11 айында баш калаадагы мамлекеттик мекеме, ишканалардан пара алган 69, кызмат абалынан кыянат пайдаланылган 48, шалаакылык боюнча 17 факты катталган. Алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, айрымдары сотко өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG