Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Депутаттар келерки жылдын бюджет долборуна ыраазы эмес


БИШКЕК. 9-декабрда Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитети 2006-жылдын бюджетинин долбоорун талкуулашты. Бул күнү аталган комитетке каржы министрлигинин, салык инспекциясынын жана бажы кызматынын өкүлдөрү өткөн11 ай ичинде мамлекеттик казынага түшкөн каражат тууралуу маалымат беришти. Салык инспекциясынын өкүлүнүн маалыматына караганда, быйыл таза киршеден алынган салык 1 млрд. 651 млн. сомго болжолдонсо, өткөн 11 айда 1 млрд. 560 млн. сом түшкон. Бажы тармагынан болжолдонгон 7 млн. 684 миң сомдун азырга дейре 7 млн. 146 миңи түшкөн. Бирок айрым депутаттар мындай маалыматтарга канааттанбаганын, мындай болжол ыңкылапка дейре, былтыр көрсөтүлгөнүн айтышууда. Ал эми комитет төрагасы Акматбек Келдибеков бюджет долбооруна өзгөртүү дээрлик киргизилбегенин белгиледи. Комитет келерки жыл үчүн бюджет долбоорун талкуулоону улантып, аны 14-декабрда парламенттик угууга алып чыгаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG