Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

МИГРАНТТАР КӨЙГӨЙЛӨРҮ, РЫСБЕКТИН МАЕГИ, ДОСТОРДОН КҮЙГӨН МЕЛИС


9-декабрда Кыргызстандын негизги маалымат каражаттары өлкөнүн МАИ тармагындагы чыр- чатак, кызматтык үйлөрдү тапшырбаган экс- депутаттар, мигранттар көйгөйү, президенттен сөгүш алган элчи тууралуу макалаларды жарыялашты.

9- декабрдагы “Агым” гезитине Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун : "Саясатчылар сырты - тамшандыргандай кыпкызыл, ичи - чириген алмадайбыз..." деген маегинин соңку бөлүгү жарык көрдү. Анда Данияр Үсөнөвду түрмөдөн кантип чыгарышканы, Мисир Ашыркулов, Темир Сариев, Адахан Мадумаров, ыйман, достук, учур көйгөйлөрү тууралуу кеп кылган.
«Биринчиден, саясатта дос болгон аябай опурталдуу экен. Экинчиден, кыргыздар дос күткөндү билбейбиз. Бийликтеби, чөнтөгүндө акчасы барбы, мага пайдасы тийер бекен деп достошобуз. Достошууну курулай антташмайга, кучакташып өбүшмөйгө, анан да "сен үчүн жанымды берем" деген карандай калп ураандарга алмаштырып ийет экенбиз. Мен чынын айтайын (башка жакын жоро-жолдошторум таарынбасын), илгертен чыныгы, эң жакын, руханий жалгыз досум бар. Ал - Кубатбек Жусубалиев.
Революциядан кийин үч досум Акүйдүн чоң аткаминерлерине айланып чыга келишти. Анан чындап эле эски досторума жардам берейин, сүйлөшөйүн дедим. Башында тандемди түзгөндө демилге көтөрүп, тиги өйүздөн Даниярды, Адаханды, Бакиевдин иниси Жанышты, Мирославды чакырып, бияктан Кубат Байболов, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев болуп "Апельсин" кафесинен масилеттештик. Эки жолу чогулдук, кыйкырышканга дейре бардык. "Куловуңар коррупцияга аралашкан!" деп М.Ниязов чыкты. "Эмне, Бакиевиңер сообу?!" деп мен чыктым . Ошентип, тандемдин эң биринчи болванкасын даярдадык. Ушундан башталган...
» дейт кабарчы Асланбек Сартбаев менен аңгемелешкен депутат Мелис Эшимканов.

Ушул «Агымдагы» «Жолбүгүн» рубрикада оштук журналист Шайлообек Назаралиев АКШ, социалисттик система, демократия тууралуу кеп козгоп, «Кыргыздар "чоң казатка" аттанабы?» деп суроо коюп, жооп издейт.

«Биз азыр демократия жолундабыз. Үлгүбүз АКШ - демократиянын анабашысы. Вашингтон - биздин жаңы, сокур сүйүүбүз. Кумирибиз. Мурдагысы Кремль эле. Ошондуктан, Кремлдеги карылыгы жетип, төрүнөн көрү жакын турган адамды деле ой-бойуна койбой "сүйөбүз, өлөбүз, жол башчыбыз, көсөмүбүз"... деп былжырай берчү биздин жетекчилер. Биринчи ажобуздун сүйүүсү Вашингтон болду.
"1824-жылдан 1994-жылга дейре сенин өлкөң Латын Америка мамлекеттерине 73 жолу куралдуу баскынчылык жасады. Мексика, Пуэрто-Рика, Никарагуа, Панама, Таити, Колумбия, Куба, Гондурас, Гветамала, Сальвадор, Гренада - ушунун баардыгы сенин өлкөңдүн курмандыгы болду. Сенин бийлигиң дээрлик бир кылымдан бери тынымсыз согушуп келатат. Сенин бийлигиң мындай "кыямат кайым чабандестерине" "эркиндик жана демократия" деген каргы тагып, дүйнөнүн туш тарабына бетсиздик менен жумшалганына күйөсүң. Вьетнам, Ирак, Иран, Афганистан, Ливия, Ангола, Сомали, Конго, Никарагуа, Камбоджа, Югославия, Судан - айтор, атай берсем түгөнбөйт, ушуга окшогон силердин атаңар тааныбаган, алыс өлкөлөрдө канчалаган адам кырылды. Бул бүтпөгөн согуш акыры 11-сентябрда өз үйүңө келгенде заманаң куурулдубу, же куурулбадыбы, ыя, Янки?!" деп Нобель сыйлыгынын лауреаты, дүйнөгө белгилүү жазуучу колумбиялык Г.Маркес Бушка заардуу кайрылып, Акаевди катуу капа кылды.
Биздин максат ушул нерсени түшүнүп, империялык саясаттын кайырмагына илинбей, торуна чалынбай, элди, жерди сактап бул доордон өтүп кетүү. Анткени, цивилизация калат, империялар жок болот. Бул да закон ченемдүү нерсе.
Тилекке каршы, Акаев ушуну түшүнбөй элди, жерди да империялык тегирмендин ташына салып берди.
Ошондуктан, биз тез өнүгүп кетебиз десек демократиянын бөтөн бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн импорттук кызыкчылыгына кызмат өтөбөй, өзүбүзгө тийиштүү кайдыгерликтен, бирөөдөн үмүт эткенден, кош көңүлдүктөн, пессимисттик ойдон, калп айтуудан, караөзгөйлүктөн ж.б. ушул өңдүү улутту артка тарткан касиеттерден бошонуп, акчанын, убакыттын, менчиктин кадырын билген, ак иштеп, түз сүйлөгөн, эмгектен талыбаган, прогресске умтулган адамдарга айланышыбыз зарыл. Ушул биздин экинчи чоң казат болмокчу.» деп жазат автор.

Ушул «Агымдын» « Беш сап саясый дидар» рубрикасында бул жолу
Өмүрбек Субаналиев, Тойчубек Касымов жана Кубанычбек Исабаев тууралуу кеп болот.
«Эчен айыгышкан саясый кармаштарды баштан кечирген, кечээги Акаев бийлигинен, бүгүнкү Бакиев бийлигинен ыдык көргөн, курчтугу, кайраты менен кылмышкерлерди "сийгизген" "Комиссар Катани" Ички иштер министринин орунбасарлыгына келгени Бишкектеги башаламандык, бийлик менен жакалашкан айрым кримтоптор куйругу катуу толгоно баштады. Бирок, акыркы такталбаган маалыматтарга таянсак, кайрадан "Комиссар Катанинин" элдешкис оппоненттери дейбизби, көралбагандар дейбизби, айтор, алар тараптан жең ичинен эски интрига козголо баштады деген каңшаар тарады.» деп Өмүрбек Субаналиев тууралуу маалымдалса, «учурунда Майрам Акаеванын "любимчик" аткаминери, эски бийликтин эң эркеталтаңы Тойчубек Касымов убагында Курманбек Бакиев менен табакташ болгону үчүн бу экс-аткаминер бүгүнкү Башпрокурордун көз жаздымында калды сыяктанат...» деп жазат кабарчы Асланбек Сартбаев.

«Агымдын» кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков МАИ тармагындагы бийлик талашуу, тирешүүлөр, булардын көйгөйү тууралуу макаласы чыкты. Ошол макаласынын мазмуну жөнүндө автор мындай дейт:


Шаардык МАИде эки жумадан бери тополоң. Бишкектин кан жолдорун тейлеген 238 жол инспекторлор коллективинин ичинде тынчтык жок. Сөз ташымай, жалаа жазмай сыяктуу. Мунун себеби Бишкек шаардык ички иштер башкарма начальниги Молдомуса.Конгантиев менен шаар МАИ начальниги Райымкул уулу Касымбектин ортосундагы кайым айтышуу кызмат маселесинен чыккан чыр болду.
Шаардын башкы милийсасы - МАИсин "ишти илгерилетпейсиң, паракорлордун ордосу болуп кетиптир" кыязында доо койгон экен, Касымбек мырза "иштегеним бир ай болсо, ишти иреттегенге үлгүрөйүн, жолдош начальник" деп, экөө тиреше кетет.
Иштин тереңдеги жайы мындай, М.Конгантиев алгач шаардык милийса башчылыгына дайындалып, аз өтпөй аны ИИМ министр орунбасарлыгына которушуп, анын ордуна "комиссар Каттани" Өмүрбек.Субаналиев олтуруп, бир жума өтпөй, Молдомуса менен Өмүрбек мырза кайра кызмат орун алмашпады беле? Касымбек мырзаны "Каттанинин" кадры катары эсептегенби, М.Конгантиев азыр кыр көрсөтүп жатыр. Ар ким өз билгенин жасай берсе - кайда барабыз - ириде жакасында жылдыз, колунда бийлиги бар кадрлар ойлонушу керек.
Касымбек мырза кечээ пресс-конференция өткөрүп, МАИ ичиндеги "майлуу-көөлүү" проблемаларды ачык айтты. "Биринчи жол - мурдагыдай эле ГУВД начальнигине кошомат жасап, болуп жаткан иштерди көрмөксөнгө салуу, экинчи жолу - таза, түз болуу, МАИге карата айтылган олуттуу иш жүргүзүү керек дедим эле, мындай түз пикирим жакпай калды көрүнөт" деп түшүндүрдү.
М.Конгантиев бул "майлуу" орунга эстрада-бажычы Бек Борбиевдин агасы Болот Борбиевди дайындасам деген кыязы бар экен. Шаардын башкы МАИчиси агынан жарылды. "Бизди паракорлукка түртүп жаткан өкмөт, 2004-2005-жылга МАИге деп бензинге бир тыйын каражат бөлгөнү жок. Баары эле көрүп-билип турат да, унчугушпайт. Бул бир. Экинчиси, жергиликтүү бийлик жолго, жарыкка дале көңүл бөлө элек" дейт.
Акыркы беш жылда эле жол кырсыгынан 23 миң адам каза тапты, былтыркыга караганда жол кырсыгы 8 процентке өсүп кетти.
Азыр Административдик кодексте минималдуу штраф - 10 сом. Муну 100 сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүп бергиле, мас айдоочулар, киши тебелетип качып кеткендер арбып кетти" деп арызга олтурушту. Быйыл ушул ай башына чейин эле 21 адам машине тебелегенден каза таап, 63 адам жаракат алды.
Шаардын башкы МАИчисинин айтуусунда, жол кырсыктарынын теңинен көбү кечки маалда болот экен. Ал кырсыктарды дароо иликтөө үчүн Бишкек боюнча 24 МАИ машинеси болсо, азыранын 10 гана машинеси жолго чыгат экен. Ага да бензин "жолдон" табылат.


9- декабрдагы “Аалам” гезити Жусуп Абдрахманов, Болот Мамбетов, Исхак Раззаков тууралуу баяндап, алардын ишмердүүлугү, мекенчилдиги жөнүндө кеп кылат.
«…Жусуп Абдрахманов 33 жашында Министрлер Кеңешинин төрагасы болуп туруп "проявлается велико-русский шовнизм" деп, убагында Маскөөдөгү бийлик империясынын бийик билермандарынын кожоюуну Сталинге сын айтып, Кыргызстанды АССР кылууга талап кылган. "Кара кылды как жарган" ушул мүнөзүнөн чочуган "жаны таттуулар" чукуп олтуруп, репрессиянын огуна салып берип тынышты.
Болот Мамбетов бир жолу Маскөөдө өтүп жаткан чоң съезде Сталин делегаттарды кол чаптырып коюп он мүнөт кечигип келет. Ошондо Болот Мамбетов "Биз сизден өрнөк алалы деп жүрсөк минтип бюрократтык көрсөткөндүгүңүз үчүн сизге сөгүш берүүнү суранамын" дегенинде, жанындагылар "эки башың барбы?" деп "эстен танышып", анда Сталин "Мындай мамилеге ким сын пикирин билдире алаар экен деп ойлоп койдум эле. Сиз айттыңыз. Азаматсың, Алатоонун бүркүтү!" деген экен.»


Өлкөнүн Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова менен «Аалам» гезитинин кабарчысы Чынайым Кутманалиева маектешкен.
«15 жылдан бери Кыргызстандан канчалаган эмгек мигранттары Орусияга, Казакстанга жана башка өлкөлөргө кетип жатат. Ачыгында ушул мезгил ичинде чет жакка кеткен мигранттардын укугун коргоо боюнча маселелер чечилген эмес. Мигранттардын көбү ушул кезге чейин документтерин мыйзамдаштырып албай, макулдашуу түзбөй кетишкен. Натыйжада, Орусия, Казакстанда эмгектенип жаткан мигранттардын саны белгисиз.
Эмгек миграциясы боюнча улуттук программа иштелип чыгып, багыттуу аракеттер көрүлүүгө тийиш. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз.
Филиппиндик тажрыйбаны да колдонсок болот. Алардын 10 миллион эли чет мамлекеттерге иштейт да, жылына мамлекетине 10 миллиарддаган киреше алып келет. Биринчиден, үй-бүлөсүн багат, экинчиден, мамлекетке жакшы киреше түшүрөт» дейт Айгүл Рыскулова.


9-декабрдагы “Кыргыз туусу” гезиттинде Манас жана Карабуура райондорунун тургундарынын Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго ачык каты жарыяланды. Мында депутат Өмүрбек Бабанов берген убадаларын аткарбай, “СПК Талас” фирмасынын ишмердүүлүгүнө тоскоол болгону, депутаттын туургандары мыйзам бузуп жатышканы тууралуу кеп болот.
8-декабрдагы “ Алас” гезити учурунда Жогорку кеңештин депутаттык мандатынын аркасынан кызматтык үйлөргө убактылуу кирип, ошол квартираларды өткөрүп бербеген 24 экс- депутаттын тизмесин жарыялады. “ Мурдакы депутаттардан жалгыз гана Бакыт Алымбеков үйдү өткөрүп бериптир. Бүгүн 20дан ашык депутат үйү жок, батирде баш калалашат. Алардын квартплатасы ай сайын сиз менен биздин чөнтөгүбүздөн төлөнөт. Суммасы бир айга 486 миң сом, 5 жылга 29 млн. 160 миң сомду кагып алат” деп жазат кабарчы Аскер Сакыбаева.
“Алас” гезити публицист Алым Токтомушевдин учурда өлкө Аскар Акаевдин кадрлары башкарып жаткандыктан экс- президенттин былыктары, жеп- ичкендери аныкталбай жатканын талдоого алган. “Алас” гезити маркум Аман Токтогуловдун көзү тирүүсүндө берген маеги жарыяланды. Бул жолу “Алас” гезити Рысбек Акматбаевдин маегинин уландысын жарыялады. Анда уйгур Рустам Габбазов, чечен Азиз Батукаевдин ички иштер тармагына кандай кызмат кылышканы, алардын малайы болгон кыргыз жигиттери, криминалдык чөйрө менен кызматташкан генералдар, мурдакы ички иштер министри Бакирдин Субанбеков тууралуу кеп кылган.
8- декабрдагы “Вечерний Бишкек” гезити борбор калаанын МАИ жетекчилеринин талаш- тартышы, конституциянын жаңы долбооруна түрдүү көз- карашты, өлкөнү каптап бараткан сасык тумоо тууралуу маалымдады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG