Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:55

Парламент Медетбек Керимкуловго макулдук берди


БИШКЕК. 2-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи вице-премьер-министрлик орунга Медетбек Керимкуловдун талапкерлегине макулдук берүү маселеси каралды. Алгач президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев президенттин сунушун окуп берди. Андан соң Медетбек Керимкуловго сөз берилип, ал талапкерлигине макулдук берилсе өлкөнү өнүктүрүү үчүн колдон келген аракетин жумшаарын билдирди. Айрым депутаттардын талапкерге суроо берүү тууралуу сунушу колдоо таппай, талкуу токтотулду жана эсептөо комиссия түзүлдү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында добуш берүүгө катышкан 64 депутаттын 58и талапкерди колдошуп, бешөө каршы болушкан, бир бюллетен бузулган. Натыйжада аталган кызмат орунга көрсөтүлгөн Медетбек Керимкуловдун талапкерлигине макулдук берилип, токтом кабыл алынды. Медетбек Керимкулов 1949-жылы Ысыката районунда туулган. Буга чейин ал Бишкек шаарынын мэри, биринчи вице-премьер-министрдин миледин аткаруучу болуп иштеп келген.

Бул кызматка буга чейин Данияр Усөновдун талапкерлиги сунушталып, 8-ноябрда маселени караган Жогорку Кеңеш ага макулдук берген эмес.

XS
SM
MD
LG