Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо кызматынын билдирүүсүнө караганда, 3-декабрда Нарын жана Ысыккөл облустарында кар жаашы күтүлбөйт. Ал эми калган аймактардын айрым жерлеринде күндүз кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен муздак жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Республиканын Баткен, Жалалабат жана Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн 0...-5 градус суук болот. Күндүз +5тен...+10 градуска чейин жылыйт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Нарын облусунда абанын түнкү температурасы -10дон...-15 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми күндүз +1...+6 градус жылуу болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Бишкек шаары боюнча күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн -4...-6 градус суук, күндүз +5...+7 градус жылуу болушу күтүлөт.

Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова жана Шайырбек Эркин уулу даярдады.

Редактор – Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG