Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Казак-кыргыз чек арасы жабылды


БИШКЕК. Казакстан бийлиги 28-ноябрдан баштап казак-кыргыз чек арасын бир тараптуу жапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы чек ара аскерлеринин басма сөз кызматынан 29-ноябрда билдиришти. Казакстандан чыгып келаткан атуулдарга тоскоолдуктар болгон жок, ал эми кирүүгө дипломатиялык паспорттору барларга гана уруксат. Чек ара аскерлеринин маалымат кызматы билдиргенге караганда, мындай аракет Казакстанда 4-декабрда өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу жасалып жатат. 27-ноябрда Алматы базарында иштеп аткан 200дөн ашык кыргызстандыктар күч менен өлкөдөн чыгарылган. Алар 28-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, кыргыз бийлигинен кандайдыр бир чараларды көрүүнү талап кылышкан. Ушул күндөрү Миграция боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Айгүл Рыскулова Алматыда жүрөт. Ал эми Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкери “Азаттыкка” телефон аркылуу мыйзам бузуулар менен жүргөн кыргызстандык 108 атуул депортацияланды, деп билдирди.

XS
SM
MD
LG