Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Аксылык демилгечилер акимдикке элге жаккан адамды коюуну талап кылышууда


ЖАЛАЛАБАТ. Жекшемби күнү Аксыда өткөн жыйында “Кыргызстан” коомдук-саясий бирикмесинин райондогу демилгечилери президент Курманбек Бакиевге, президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковго, адам укугун коргоо боюнча президенттин алдындагы комиссия башчысы Турсунбек Акунга, облустук администрация башчысы Жусупжан Жээнбековго беш талап менен кайрылуу кабыл алышты. Анда Аскар Акаевдин доорундагыдай Аксы районунун саясий окуялардын майданына айландырууну токтотуу, коомдук бирикменин мүчөлөрүн кылмыштуу топтор деп атабоого чакырышкан. Революциянын жеңиштерин коргоо үчүн Аксы окуясы толук ачылгыча райондун башчылыгына аймактагы стабилдүүлүктү камсыз кыла ала турган жергиликтүү чыгаан адамдарды коюу талабы коюлган. Район акимин шайлоого президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен губернатор Жусупжан Жээнбековдун катышуусун өтүнүшүп, эгер жогоруда коюлган талаптар аткарылбаса, райондо ар түрдүү саясий акциялар башталаарын эскертишкен.

Президент Курманбек Бакиевди жактаган тараптын талабына ылайык, райондун мурдагы акими Тажимамат Туралиев кызматтан кетүүгө арыз жазган.

XS
SM
MD
LG