Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:19

Барскоондуктар талаптары аткарылбаса Кумтөр кенин басып алууга бараарын айтууда


БИШКЕК. Барскоон кырсыгында жабыр тарткан Жетиөгүз районундагы Барскоон, Тосор, Тамга, Чоңжаргылчак, Кичижаргылчак айылдарынын тургундары койгон талаптарды Кумтөр алтын кенинин канадалык жетекчилиги аткарбаса, Кумтөргө жөө жүрүш уюштуруп, атчан жигиттер алтын кенин басып алууга барышы күтүлүүдө. Ал эми Кумтөр кенине электр кубаттуулугун өткөрүүчү Тамга айылындагы электрэнергиясын бөлүштүрүүчү подстанция өчүрүлүүгө даяр турат. Бул тууралуу Барскоон кырсыгы боюнча демилгечилер тобунун Тосор айылынын лидери Асанкадыр Чыңгышбаев 16-ноябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Барскоон кырсыгынан жабыр тарткан беш айылдын тургундары койгон он талапты кыргыз өкмөтү да, канадалык “Сентерра-голд” компаниясы да аткара элек. Ал эми Кумтөр алтын кенинин жетекчиси Эндрю Люис Барскоон кырсыгынан жабыр тарткан беш айылдын эли 1998-99-жылдагы мөмө-жемиштердин түшүмү үчүн талап кылышкан 151 млн. сомдун ордуна, 1 млн. АКШ долларын төлөп берүүгө макул экендигин, бирок башка маселелерди “Сентерра голд” компаниясынын президенти Хаменюк менен кеңешкенден кийин жооп берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG