Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Йорданиядагы жардыруулар менен байланыштуу 12 адам кармалды


Йорданиянын борбору Амман шаарында болгон үч жардыруу менен байланыштуу 12 адам кармалды жана суракка алына баштады. Алардын арасында Йордания менен Ирактын жарандары бар. Шаршемби күнү үч ири мейманканада удаасы менен үч жардыруу болуп, андан 57 адам набыт кетип, дагы жүздөй киши жараат алган. Өлгөндөрдүн арасында 12 чет өлкөлүк жаран бар, алардын бири - Сирияда туулган голливуддук режисеер Мустафа Аккад. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "ал-Каида" террордук уюму алды, анын өкүлдөрүнүн айтымында, террор аракеттерин төрт ирактык жаран ишке ашырган, алардын бири аял болчу.

XS
SM
MD
LG