Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Пакистандагы зилзалада там-жайсыз калган адамдардын өмүрү коркунучта


Улуттар Уюму дүйнө коомчулугун ай башында Пакистанда болгон жер титирөөдө жабыр тарткан адамдардын өмүрүн сактап калууга чакырды. Донор өлкөлөрдүн Женевада өтүп жаткан жыйынында БУУ куткаруу иштерине 500 миллион доллардан көп чегерүүнү 60 өлкөдөн өтүндү. Бул башта суралган акчадан эки эсе көп. Болбосо, “зилзалада набыт болгондордон көп адамдын өмүрүнө коркунуч бар” деп айтылат кайрылууда.

Зилзалада бери дегенде 54 миң адамдын өмүрү кыйылган. 75 миң киши жараат алган. 3 миллиондой адам там-жайсыз калышкан.

Пакистандын федералдык министри Салман Шах жер титирөөнүн масштабын Женева жыйынында мындай деп сүрөттөдү:


-Бул Пакистандын тарыхындагы эң апаат окуя болду. Элестетип көрүңүздөрчү, Швейцариянын аянтынын 70 процентине барабар аймак кыйрап калды. Бул бизди курчап турган Альпы тоолорунан чоң аймак. Үй-жайсыз калган адамдардын саны Швейцариянын калкынын теңине жетет.

БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Пакистанга жардам көрсөтүү үчүн туруктуу дүйнөлүк кор түзүү зарылдыгын айкын кылды.

XS
SM
MD
LG