“Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун Таластагы ынтызарлары соңку мезгилде эл ичинде, айрыкча жаштар арасында ишмердүүлүгүн активдештире баштагандыгы байкалат. Алар диний мазмундагы китепче, баракчаларды үй-үйлөргө, жогорку жана орто окуу жайларына ачыктан ачык эле таратышууда. Ал эми областтын укук коргоо органдары бул боюнча бир да фактыны каттап, бир да адамды кармай элек. Оперативдүү иштеги мындай кенемте жаштар арасындагы үгүт-насаат иштерди жандандыруу менен толукталууда.
Улуттук коопсуздук кызматынын Талас бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Эсен Өскөналиев “Хизб-ут Тахрирдин” Таластагы ишмердүүлүк туурасында буларды айтты:
-“ Хизб-ут Тахрир” Таласта төрт жылдан бери аракет кылып келет. Биз алардын активисттерин билебиз. Бизге оперативдүү маалымат дайым түшүп турат. Жогорку Кеңеш 2003-жылы “Хизб-ут Тахрирдин” ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзам кабыл алган. Ошондон баштап биздин ишибиз бир топ жанданды. Ага чейин биз бул диний уюмдун активистерин кармаганга акыбыз жок эле, эми мүмкүнчүлүк бар.
Талас университетинин ректорунун тарбия иштери боюнча орунбасары Насипа Шопокова ислам дининин жаштарга пайдалуу жактары туурасында өз оюн минтип билдирди:
- Биз ислам дининен тазалыкты, ыймандуулукту, көзү өткөн ата бабаларыбызга ар дайым сый-урмат көрсөтүп туруу вазийпасын кабыл алсак болот.
Филология илимдеринин кандидаты, доцент Абдил Шерматов “Хизб-ут Тахрир” диний агымынын реакциячыл мүнөзү бар экендигин айтып, жаштардын тандоо мүмкүнчүлүгү алардын өздөрүндө деген оюн айтты:
- Хизб-ут тахрирчилер колго курал алып, халифат курууну үгүттөп жүрүшөт. Ошондуктан биз башка диндеги адамдарды өлтүрүшүбүз керек экен. Бирок биз ага барбайбыз. Биз ар кайсы улуттагы адамдар кол кармашып, бири-бирибиздин диний ишенимдерибизге сыйлап бир коомдо жашашыбыз керек.
Талас шаарындагы Хамза мечитинин баш имамы Сулайман Акрамов “Хизб-ут тахрирдин” келип чыгышын Мухамбет пайгамбар 14 кылым мурда көрө билгендигин минтип түшүндүрдү:
- Мухамбет пайгамбар өзүнүн хадистеринде ислам дини 73 тармакка бөлүнөт деп айткан. Ошол 73 тармактын бири “Хизб-ут тахрир” болуп жатат. Чынында ислам дини согушту эмес, тынчтыкты каалаган дин.
Ал эми жаш мугалимдердин атынан сүйлөгөн Дамир Кенжебаев жаштарды дин тутпагыла дештин ордуна ар бир инсан тута турган динине даяр болуп келиш керек деген кайчы оюн билдирди:
- Конституцияда ар бир инсан каалаган динин тутууга укуктуу. Бирок жаштар тигил, же бул динге кирерден мурда анын принциптерин терең аңдап билип, ошондон соң гана динге өткөнү туура.