Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Парламентте өкмөттүн калган мүчөлөрүнө макулдук берилди


БИШКЕК. 30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары президент Курманбек Бакиев тарабынан сунушталган калган өкмөт мүчөлөрүнүн талапкерликтерине макулдук беришти. Добуш берүү жашыруун түрдө өттү. Адегенде депутаттардын курамынан эсептөө комиссиясы түзүлүп, аны депутат Сооронбай Жээнбеков жетектеди. Добуш берүүгө катышкан 66 депутаттын 43ү Адахан Мадумаровдун вице-премьер-министрлик кызматка дайындалышына макул болушту. Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Аликбек Жекшенкулов 54, транспорт жана байланыш министрлигине талапкер Нурлан Сулайманов 57, өкмөттүн аппарат башчылыгына сунушталган Турусбек Койоналиев 53 добуш менен депутаттардын колдоосунга ээ болушса, Султан Раев маданият министрлигине 63 добуш менен, Айгүл Рыскулова миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетине 57, ал эми эмгек жана социалдык коргоо министрлигине көрсөтүлгөн Евгений Семененко 48 депутаттын добушуна ээ болду. Мурда бул кызматтарга Роза Отунбаева, Алевтина Проненко, Ишенбай Кадырбеков, Токтокан Боромбаева, Накен Касиев жана Эмил Узакбаевдин талапкерликтери көрсөтүлүп, депутаттардын колдоосуна ээ болбой калган.

XS
SM
MD
LG