Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

ХАМАС согушкерлерин Израилдин аймагына ракета атууну токтотууга чакырды


Палестиндердин ХАМАС уюму өз согушкерлерин Газа секторунан Израилдин аймагын ракета менен атууну токтотууга чакырды. ХАМАСтын Газадагы лидери Махмуд ал - Захар мындай билдирүүнү кечээ жасады:

- Биз элдешүү боюнча Каир макулдашуусун сактайбыз жана өз согушчан топторубузду Газа секторунун тышында Израилдин оккупациясына каршы аракеттерди токтотууга чакырабыз.

Захардын айтымында, жогорудагыдай чечим палестин элинин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынды. Мунун алдында Газа секторунан атылган ракеталарга Израил согушкерлердин турумдары делген жерлерге абадан сокку уруу менен жооп берген эле. Кечээ кечинде Газа секторунда Израилдин аба чабуулунан палестиндердин "Исламчыл Жихад" уюмунун лидерлеринин бири Мохаммед Халил автоунаада бара жаткан жардамчысы менен бирге мерт болгон.

XS
SM
MD
LG