Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

11-СЕНТЯБРЬ КЫЙРАКАНЫ ДАЛЕ БАЛДАРДЫН ТҮН УЙКУСУН БУЗУУДА


Жекшемби, 11-сентябрда Кошмо Штаттардын шаарларына жасалган аба чабуулдарына төрт жыл болду. 3 миңдей адамдын өмүрүн алган каран күндө бирөөлөр өмүрлүк жарын жоготсо, экинчи бирөөлөр аталарынан ажырашкан. Дүйнөлүк соода борборуна террорчулар жасаган чабуулдан коркуп, дале анын коркунучу менен жашаган балдар Нью-Йоркто 3 миңге чукул. Кыйркандын элеси жүрөгүн козгоп, психикасы бузулган балдарды дарылоо али да улантылууда

2001-жылдын 11-сентябрында жергиликтүү убакыт боюнча 8 саат 46 мүнөттө террорчу күчтөп айдаткан “Боинг” учагы Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасынын бирин капталга сүздү. Асман тирген имарат бир капталына оой берип, кулаганы, аны көрүп турган адамдардын боз ала чаң боло аяктары жерге тийбей качышканы али көпчүлүктүн эсинде.

Телеканалдар каргалашалуу окуяны бир нече күн бою тынбай кайра-кайра көрсөтүп жатты. Күбөлөрдүн бири мындай деп эскерет:

- Адамдар терезеден секирип жатышты. Мен өзүм кеминде 13 же 14 кишинин терезеден боюн таштаганын көрдүм. Бул өтө коркунучтуу. Мен көргөн көзүмө ишенгим келбеди.

Жакындары азыр эле кулаган Кош мунарада иштеген адамдардын же аларды куткарып жатып каза болгон өрт өчүргүчтөрдүн үй-бүлөлөрүнүн абалын элестетип көрүңүзчү!? Ал эми кыйраканда аталарын жоготкон же аны көрүп, жүрөгү козголгон балдарчы? Андай балдардын саны, ырасмий маалыматтар боюнча, 3 миңге чукул экен.

АКШда 2002-жылы өткөрүлгөн изилдөө 11-сентябрдагы чабуулдан бир нече айдан кийин да Нью-Йорктук миңдеген балдар түнкүсүн чочуп ойгонушуп, уктай албай кыйналышканын, коомдук жайларга чыккандан коркушканын жана башка психикалык илдеттерге кабылганын аныктаган.

Донна Гафни айым – Нью-Йорктук дарыгер психолог. Ал кыйраканда жүрөгү козголгон балдарды даарылайт:

-Биз балдардын куунак өсүшүн, мыкты адам жана бактылуу болуусун, адамдар менен жакшы мамиледе жашоосун каалайбыз. Бул мүмкүн экенин билебиз. Анткени, балдар өтө эле жыргал турмушта жашашат.

Бирок балдарга кырсык кандай келгенин наристенин жүрөгүн түшүрбөй түшүндүрүү абдан маанилүү. Анын бир үлгүсү катары, күйөөсү шаты жетпей куткарылбай калган аял уулуна кырсыкты оюнчук үйдүн мисалында түшүндүргөнүн айтса болот. Муну дарыгер оюн менен дарылоо деп атайт:

– Ал мага уулуна 11-сентябрда эмне болгонун, өрт өчүргүч машиненин шатысы бийикке жетпей калып, атасы кача албай калганын чогуу ойноп жатып түшүндүргөнүн айтып берди.

Донна Гафни жана башка доктурлар ошентип 11-сентябрдагы кыйракан психикасына таасир эткен балдарга түрдүү жолдор менен жардам көрсөтүшөт. Дарыгерлер психикасы бузулган ата-энелерди окутушат же балдар менен ойношуп, музыка угушуп, же китеп окуп жатышып, наристенин сезиминде терең отурган коркунучту эмдешет.

Нью-Йоркто андай программаларды улантуу үчүн апрелде Американын Кызыл Чырым уюму дагы 9 миллион доллар бөлдү.

XS
SM
MD
LG