Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда немистердин чалгынчылары жардыргыч зат менен толтурулган шоколадды ойлоп табыштыптыр.
Бирок андай куралды колдонуу учурлары болгонбу же жокпу белгисиз. Германиялык тыңчылар агент 007 же Жэймс Бондго чейин эле чакан бомбаларды консерва кутуларына, шоколаддын плиткасына же бут кийимдин ичине катып алып жүрүшүптүр. Бомбалардын сүрөттөрү жана британ чалгынчылары таап алган башка маалыматтар жакында Британиянын улуттук архиви тарабынан жарыяланды.
Тарыхчы, Кэмбриж университетинин профессору Кристофер Эндрю үгүт иштеринин натыйжасыздыгы, майнапсыздыгы немис чалгынчыларынын согуш маалындагы төмөн деңгээлин айгинелейт деп эсептейт.
Эмне үчүн Германиянын чалгынчыларынын үгүттөө иштери Орусияныкынан артта калган? Бул суроого профессор мындай жооп берет: - “Немистердин тыңчы болгулары келген эмес. Британияда колго түшүрүлгөн бардык германиялык агенттердин арасында бир да немис жок болчу”.
Ал эми немис Рихард Зорге Советтер Биримдиги үчүн каармандарча тыңчылык кылганы эсте.
Британиянын Манчестер шаарында кумсаларды армияга барууга үгүттөгөн өнөктүк өтүп жатат.
Аскерий униформа кийген адамдар биринчи жолу гомосексуалдардын фестивалына катышып жатышат. Шаардын борборунда куралдуу күчтөрдө кызмат өтүүнү каалаган ыктыярдууларды каттоо пункту уюштурулду. Фестивалдын уюштуруучусу Клэр Тернер белгилегендей, армия кумсалардын өз катарларына кошулуусун кубаттайт деген ишара кылды.
Былтыр ушундай эле акцияга аба күчтөрүнүн өкүлдөрү катышып, алардын демилгеси натыйжалуу болду деп эсептешет.
Улуу Британияда 2000-жылга чейин салттуу эмес сексуалдык багытты тандап алган адамдардын армияга алынуусуна тыюу салынган.
Ригада Сергей Прокофьевдин “Күн кыз” аттуу балетинин жаңы версиясын көргөзүүгө тыюу салынды.
Латвиянын улуттук опера жана балет театры 2 спектаклди гана тартуулоого үлгүрдү. Андан кийин композитордун чыгармаларынын автордук укугуна ээлик кылгандардан арыздар түшө баштады. 1940-жылы жазылган балеттин латвиялык вариантында негизги каарман – Күн кыз үй шыпарган кызматчы болуп, эже-сиңдилери болсо сойкуканада иштешет, ал эми өгөй энеси ошол эле сойкукананын ээси. Прокофьевдин үй-бүлөөсү жаңы вариантты сахнага коюуга алдын-ала уруксат суралбагандыгы үчүн абдан нааразы экенин билдирди.
Ал эми башка бир латвиялык киши Георгий Соколовский велосипед минип, Европаны кыдыруусун улантып жатат.
“Мен саякаттаганды кичинекей чагыман бери эле абдан жакшы көрчүмүн. Мурда циркте иштечүмүн. Азыр болсо 49дамын, иш табуу кыйын. Үйдө бекер отура албаймын. Былтыр 1-майда Латвия Евробиримдикке киргенден кийин Европаны кыдырып чыгайын дедим”, - деп баяндайт Соколовский.
Былтыр ал 10011 километрлик жолду басып, 14 өлкөдө болууга үлгүрдү. “Германияда кар калың жаады деген кабарды укканда, сапарымды аяктабай туруп, кайра кеттим. Быйыл уятыман бул иштин өтөлүнө чыгууну чечтим” - дейт Соколовский.