Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

КАЗАН ТОЮ, БЕСЛАН БИР ЖЫЛДЫГЫ, БАКИЕВ-КУЛОВ ТАНДЕМИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

Маскөөдөн чыкчу гезиттер канчалаган макалаларды басып, алардын ичинде, маселен, Казанга миң жыл толгонго байланыштуу материалдар берилди.

КМШ лидерлеринин демейде болуп жүрүүчү жолугушуусу бул жолу Казан калаанын тоюн утурлап Татарстанда өттү. Мунун өзү “жылуу-жумшак ажырашуу чукул калганын” күбөлөп койду. Шериктештик катарынан Түркмөнстандын чыгамын деши ошондой эле Грузия-Украина-Азербайжан-Молдованын жакында Балтика-Кара деңиз-Каспий деңиз Шериктештигин түзөбүз деши КМШ келе жаткан 2006 жылы чын эле ажырашканы калганын билдирип турат.

Олтурум үстүндө КМШнын кайра түзүлүшү туурасында Путиндин жарыя кылышы жана ошондон улам “акылмандар кеңешинин” уюшулуп атышы эми мурдагы советтик мейкиндикте кызматташууну жаңы түргө салуу боюнча аракет жасалып атканын айгинелегендей.

Казанда өткөн жолугушуунун мурда өтүп жүрчү олтурумдардан айырмаланышы - “жаңы татардык мамлекеттин” укугун таануу болду, - деп жазат “Завтра” гезити 1-сентябрде чыккан санында.

Бесланда кан жуткузган коогалаңдын чыгышына бир жыл толгонун бардык гезиттер белгилешти. “Независимая газета” психологдор анализине кайрылып, Бесланда 315 миңден ашуун тургундардын ушубакка катуу стресс үстүндө экенин жазат. Ошол себептен бесландыктар арасында кастыкка баруу күч, эч себеби жок эле чочулоо, коркуп-үркүү, көңүл чөгүүдөн арылбоо көп экенин айтышкан. Күнөөнү өзүнө жүктөө, бийликке кыжырлануу жана маалымат каражаттарына ишенбөө бар экенин айтышкан.

Психологдардун бүтүмүндө, ушундай кезде абдан коркунучтуу нерсе тургундар арасында ал калаада тирешүүчүлүк басымынын көбөйүп баратышы делинет. МГУнун психологиялык факультети кафедрасын жетектеген Александр Асмолов айтканга караганда, бул жагдай ташыганы турган вулканга окшош. Ал өлкөдө саясий режимди алмаштырууга түрткү болушу ыктымал.

Мурунку жылы 1-3 сентябрде Түндүк Осетиянын бир калаасы - Бесланда орун алган террордук актыдан жумурияттын 331 кишиси көз жуумп, алардын 186сы мектеп жашындагы балдар болушкан. Калган 145и алардын эне-аталары, чоң ата, чоң энелери болгон. Жарадар болгон 985 кишинин 319у балдар, 639у чоңдор болушкан. Түндүк Осетия, Москва, Ростов-на-Дону жана Алмания ооруканаларында 693 киши дарыланып, алардын 419у мектеп окуучулары болушкан, - деп жазат.

Кыстара кетчү жери, 2-сентябрде Орусиялык жетекчилик алгачкы жолу Кремлде Бесландык энелер жаатын кабыл алды.

“Мурдагы абактагы киши Кыргызстандын өкүмөт башчысы болду”, - деген ат менен чакан макаланы “Труд” бейшемби күнкү басты. Кыргызстан Жогорку Кеңеши Феликс Куловду өлкөнүн өкүмөт башчылыгына бекитүүгө макул болду. Жашыруун добушка сала келгенде 66 депутаттын 55и макул деп добуш беришти.

Аскар Акаевдин тушунда Кулов Бишкек шаарынын мэри жана Чүй обулусунун губернатору болуп турганда мамлекеттик каражатты уурдаган деген жалаалар менен соттолуп түрмөдө олтурган эле, - деп жазат аталган гезит.
XS
SM
MD
LG