Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

АНТ БЕРГЕН ПРЕЗИДЕНТ, КЫРГЫЗДЫН ДУШМАНЫ - АРАКЕЧТИК, КҮЗГҮ СЕССИЯНЫ КҮТКӨНДӨР


16-августта жарык көргөн “Эркин тоо” гезити Үркүндүн 90 жылдыгына “Асаба“ партиясы тарабынан уюшулган экспедиция тууралуу партиянын лидерлеринин бир Дөөлөт Нусупов менен маекти жарыяланды. Анда “Асаба” партиясынын 7 мүчөсү, журналисттер Бедел ашуусуна барып, Үркүндө курман болгондордун сөөктөрүн таап, бата кылышып, жерге көмүлгөнү, бул жерди сыйынуучу ыйык жайга айландыруу керектиги тууралуу кеп болот. “Бедел ашуусунан Үркүндө курман болгондордун 7 кабыргасын Бишкекке алып келип, экспертизага тапшырдык. Бул тарыхый окуяны кыргыздарды геноцид кылуу катары баалоо керек” дейт Дөөлөт Нусупов.

Ушул эле “Эркинтоо” гезитинде 14-августта Бишкекте Алатоо аянтында өткөн президенттин ант берүү аземи тууралуу макала, пикирлер жарыяланды. “Эркинтоодо” дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Асан Жунусов айтып берди:

- Белгилүү жазуучу, акын, котормочу Эрнист Турсунов менен учурдагы улут адабияты тууралуу маек, залкар акын-жазуучулардын кулк- мүнөзү тууралуу макала жарык көрдү.Өлкөдөгү телекөрсөтүүлөрдүн сапаты тууралуу КООРТ телекомпаниясынын алып баруучусу Айнура Кабатай кызы ой бөлүшөт.

16-августта жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити да президенттин ант берүү аземи - инаугурация тууралуу макала менен жүзүн ачты. Чет өлкөлүк меймандардын президент Курманбек Бакиевди куттуктоолоруна да орун берилди. Алатоонун кайберендерин ыгы жок атууну токтотуу тууралуу окурмандардын пикирлери да бар. Ошондой эле Таластагы Майрам Акаевага тиешелүү делген дачалардын дайыны тууралуу макала да жарыяланды.

Дүйшөмбү күнү “Замандаш” журналынын августтагы 8-саны сатыкка түштү. Анда президенттик шайлоонун жыйынтыктары, өлкөдөгү паспорт көйгөйү, Кыргызстандагы чет өлкөлүк авиабазалардын келечеги, сырттан алынган карыздар, “Замандаш” ассоциациясынын төртүнчү конференциясы, чет жердеги кыргыздар тууралуу макалалар жарык көрдү.

Ушул “Замандаш” журналындагы өзөк макалалар түрмөгүнүн мазмуну тууралуу кабарчы Талант Жороев мындайча айтып берди:

-Учурдагы эң көйгөйлүү маселенин бири - өлкөдөгү аракечтик, алкоголизм. Ушул тема бул сандын өзөгү болду. Аз калкы бар Кыргызстан үчүн аракечтик улуттун генофондуна балта чапкан адатка айланып, коркунуч жаратып турат. Бул аракечтиктин зыяндуулугу тууралуу ар кыл пикирлер, ойлор айтылды. Журналдын ар бир санында кайчы пикирлердин айтышын уюштуруп жүрөбүз. Бул жолку айтыш - улут тагдыры, өлкөдөгү ыңкылап, учурдагы саясый абал, өнүгүү багытыбыз, президентик шайлоонун жыйынтыктарына арналып, белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов менен атактуу кинорежиссер Болот Шамшиев кайчы пикирлерин ортого салды.

15- августагы “Вечерний Бишкек” гезити да президенттин инаугурациясы тууралуу репортаж берди. “Жогорку кеңештин күзгү сессиясы кызуу талаш-тартыш менен башталып, жаңы өкмөттүн курамына кимдерди өткөрүп, кимдерге чабуул коюлуп, кимдердин багы ачылаар экен?! Кыргызстан өнүгүүнүн кайсы багытын тандап алаары да эл депутаттарына байланыштуу” деп божомолдойт кабарчы Эльвира Темир.

16- августта басууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” жакында каза болгон кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев тууралуу замандаш акын-жазуучуларынын, теңтуштарынын эскерүүлөрүнө орун берилип жатат. Ошондой эле акын Барчынбек Бугубаевдин чыгармачылыгы тууралуу да кеп болот. Жаш акындар Гүлнура Сманбекованын, Чынара Калыбекованын ырлары жарыяланып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG