Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Украина менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык өнүгөт


БИШКЕК. Украина менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү үчүн украин тарап бардык аракеттерди көрөт. Украина Кыргызстан менен экономика, ишкердик, билим берүү жана башка тармактарда кызматташтыктарды өнүктүрүү ниетинде. Бул тууралуу 14-августта Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен болгон жолугушуусунда билдирди. Б. Тарасюктун маалыматына караганда, Украинанын бизнес чөйрөсү Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды салууга кызыкдар. Украина Кыргызстанды фармацевтикалык продукция менен камсыз кылууга, ошондой эле айыл чарба, машине куруу тармактарында кызматташууга кызыкдар.

XS
SM
MD
LG