Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

“ДИСКАВЕРИ” ЖЕРГЕ ИЙГИЛИКТҮҮ КАЙТЫП КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага "Дискавери" деген америкалык космос чөлмөгү бүгүн ийгиликтүү Жерге конду. Чөлмөк космоско 26-июлда учурулган жана эл аралык космос станциясына жалгашып, анын жети астронавты станциядагы орус космонавттары менен чогуу иштеген. Техникалык маселелерден улам чөлмөктүн учурулушу эки жолу кийинкиге калтырылган, аба ырайынын бузулушу менен байланыштуу болсо, анын Жерге кайтышы бир жарым күнгө кечиктирилди. 1986-жылы "Челленжер" деген чөлмөк учурулуп жатканда жана 2003-жылы "Коламбия" деп аталган чөлмөк Жерге конуу учурунда кыйраган, алардын ар биринде жетиден астронавт бар болчу.

Америкалык чөлмөк алгач 8-августта Флорида штатында конот деп болжолдонгон, бирок эки жолу кийинкиге калтырылгандан кийин 9-августта Калифорния штатындагы "Эдвардс" деген аскерий базага конду. Кеменин башчысы, Айлин Коллинз деген аял-астронавт Жерге конгондон кийин башкалардын баарын сапардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады:

- Жерге аман-эсен кайтып келгенге биз өтө кубанычтабыз жана өз ишин жакшы жасаган бардык адистерди куттуктайбыз. Космостогу өз милдетибизди биз толук аткардык.

Кеме космосто пландалган 12 күндүн ордуна 14 күн иштеди жана анын астронавттары үч жолу ачык космоско чыкты, анын экөөндө алар эл аралык космос станциясынын кээ бир аспаптарын оңдоду, үчүнчү учурда болсо астронавт Стивен Робинсон алты саат бою чөлмөктүн өзүнүн капталын текшерип, кээ бир сыныктарды оңдоду.

Чөлмөк космоско ракетанын жардамы менен учурулат жана кийин учак сыяктуу Жерге келип коно алат. Ал атмосферага киргенде аябай ысыйт жана кеме эрип кетпес үчүн, анын капталдары керамика менен чапталган, мындан эки жарым жыл мурда космоско "Коламбия" деген чөлмөк учурулганда керамиканын бир жери бузулуп кеткендиктен, ал Жерге кайтып келатканда өрт чыгып, "Коламбия" кыйраган жана анын ичиндеги жети астронавт курман болгон. Азыркы "Дискавери" чөлмөгү учурулганда дагы бир нерсе кемеден ажырап кетип, анын капталына тийгендей болгон, ошондуктан алгачкы жолу космос кемесин орбитада оңдоо аракеттери көрүлдү.

Бардыгы болуп АКШ төрт чөлмөк кеме курган, алардын экөө кыйрады, экөө азыр пайдаланылууда, бирок улам жаңы маселе чыккандыктан, сентябрда космоско чыгууга пландалган "Атлантис" чөлмөгүнүн учурулушу кийинкиге калтырылды. АКШ жетекчилигинин айтымында, чөлмөктөр программасы толугу менен жабылышы да мүмкүн. Башка өлкөлөр космоско учурган кемелер Жерге кайтып келбейт, алардын космонавттары отурган бөлмө Жерге парашют менен түшөт. Ошондуктан көп жолу пайдаланылган чөлмөктөр каражат үнөмдөйт деп пландалган, бирок жыл өткөн сайын алар эскиргендиктен бир топ маселе чыгууда.

АКШ президенти болсо өлкөнүн Космос агенттигине жаңы тапшырма коюп, 20-25 жылдын ичинде Марс планетасына адам жеткириш керек деп билдирди. Ал үчүн Айдын бетинде атайын станция курулат жана Марска коно турган кеме Айдан учурулат.
XS
SM
MD
LG