Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

ЗАФАР ХАКИМОВ: “КЫЛМЫШКЕР ДЕЛГЕН КАЧКЫНДАР АЗЫРЫНЧА ӨЗБЕКСТАНГА БЕРИЛБЕЙТ”


Жалалабатка келген тышкы иштер министрлигинин миграция боюнча департаментинин деректири Зафар Хакимов аймактагы кабарчыбыздын Оштогу убактылуу тергөө абагында жаткан өзбек качкындарынын тагдырына байланышкан суроолоруна жооп берди.

- Оштун тергөө абагында жаткан өзбекстандык калган качкындар тууралуу маалымат берип кетсеңиз. Алардын абалы эмне болуп атат, кандай чечим чыгат?

- Бүгүнкү күндө Оштогу СИЗОдо 15 өзбек жараны жатат. Алардын төртөөнө биздин департамент тараптан официалдуу түрдө качкын деген макам менен кагаздар колдоруна тапшырылды. Алар биздин мыйзам боюнча нааразы болгон болсо сот аркылуу карайбыз. Түрмөдөн качкан деген төрт өзбек атуулунан баш тартканбыз. Алар 3-майда Өзбекстандын сотунун чечими менен баңгизаттарды сатууга байланыштуу адам катары камалган адам. Эл аралык норма боюнча дагы, биздин качкындар тууралуу мыйзам боюнча дагы, Качкындар боюнча конвенциянын негизинде дагы аларга качкын деген справка берүүгө акыбыз жок. Калган он бири боюнча Өзбекстандын прокуратурасынан биздин Башкы прокуратура аркылуу кошумча материалдарды сураганбыз. Алар бүгүнкү күндө материалдарды бизге беришти. УВКБнын, биздин департаменттин, прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен карап атабыз.

- Ошол сиз айтып аткан төрт адам Өзбекстанга өткөрүлүп берилеби?

- Азырынча жок. Эл аралык уюмдарга, өздөрүнүн укуктарын коргоо боюнча биздин сотторго кайрылышты. Ош шаардык сотуна, облустук сотко, анан Жогорку сотко кайрылгандан кийин Өзбекстанда адамдарды кыйноо боюнча, эл аралык конвенциянын сакталышы боюнча кагаз алганыбыздан кийин, БУУнун миссиялары барып текшерип, аларга уруксат берилгенден кийин маселе каралат.

- Калган 11 адамдын тагдыры кандай болот?

- Алар тууралуу азыр бир нерсе айтыш кыйын. Айтып кетпедимби, биз алган кошумча материалдарды кылдаттуулук менен карап чыккандан кийин чечим кабыл алабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG