Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

Кулов өкмөттүн курамы ачык жана эффективдүү болушу керек деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамы эффективдүү жана ачык болушу керек. Жаңы өкмөт өлкөдөгү экономиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылык берилген багыттарга негизделүүгө тийиш. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, бул тууралуу 28-июлда өкмөт үйүндө өткөн жыйында биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов билдирди. Президенттик шайлоо алдында түзүлгөн Меморандумга ылайык, Феликс Кулов премьер-министрлик кызматты ээлеши керек. Буга чейин Феликс Кулов ал тарабынан өкмөткө буга чейин ысымдары белгисиз адамдар да сунуштала тургандыгын билдирген. Анын айтымында, кадрларды тандоо жана дайындоо ачык жана адистигинин негизинде жүргүзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG