Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

ОШТО ЖЕР ЧАТАГЫ ДАЛЕ БАСЫЛА ЭЛЕК


Кубанычбек Жолдошев, Ош Карасуу районуна караштуу Достук бажыкана аймагынан жер бөлүп берүү талабы менен чыгышкан жүзгө жакын Ош шаарынын тургундары менен Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын ортосунда жер талаштан улам жаңжал чыгып кете жаздады. Чогулган адамдарга келген Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамасадык Бакиров коюлган маселени тез арада чечүүгө убада берип, топтолгон тараптарды таркатууга аракет кылды.

Эртең мененки саат он бирлер чамасында Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн бир канча жашоочулары чогулушуп, Достук участогунан жер бөлүп берүү талабы менен турушкан Ош шаарынын тургундарын аталган аймакты таштап чыгып кетүүлөрүн талап кылышты. Маселе эки тараптын жаңжалдашуусуна чейин барып, аксакалдардын кийлигишүүсү менен гана чогулгандар тынчтанышты:

- Жаңжал болуп кеткенинин себеби, ата-бабабыз бул жерде жашап, иштеп келген, бизге мэрия келип ушул жерден жер бөлүп берсин, бербесе 90-жылдагы окуя кайталанат деп турушат, - деген пикирин билдирди Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн тургуну Зулфия Ахмеджанова.

Ал эми Достук участкасынан жер алуу талабы менен чыгышкан топтун өкүлү Бектемир Субаналиев улут маселесин козутуу менен мыйзамсыз алынган жерди сактап калууга аракеттенген күчтөр чыр чыгарууга кызыкдар деген пикирин билдирди:

- Эртең менен Кызылкыштак айыл өкмөтүнөн бир канча аялдарды уюштуруп, ушул жерге келип эки элдин ортосунда кагышууну пайда кылуу кээ бир атуулдардын кызыкчылыгы. Бул жерде отурган эл жолдон өткөн жок, эч бир мыйзамды бузган жок, тынч отурду, бир эле күткөн жери - Кыргызстан атуулу болгондон кийин ага кыргыз жеринен 6 сотых жер керек.

Ал эми Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинде турган жерди 49 жылга ижарага алган “Холсейл” кыргыз-инди ишканасынын жетекчиси Мурат Жээнбеков элди каршы үгүттөп жатат деген айыптоо негизсиз экендигин мындайча белгилеп өттү:

- Сөзүн уккандан кийин элдер дагы, биз мурун иштетип жүргөн жерибизди, айыл өкмөттүн сессиясында бөлүп берген жерди силер эмнеге эч кандай чара көрбөй жатасыңар деген бизге доомат болуп атат.

Достук участкасында эки тарап болуп чогулгандарга келген Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамасадык Бакиров жер алууга болгон адамдардын талабын чечүүгө убада берип, тараптардын жаңжалсыз таркап кетүүсүн суранды:

- Бардык нерсе мыйзам чегинде болбосо болбойт. Ошон үчүн элден сурандым, ушул маселени оң жагына чечүү үчүн атайын комиссия келип атат деп. Ар кыл сөз, ой-пикирлерди жеткирип атышыптыр. Атайын үгүттөп келгендер бар, кетпегиле деп. Кудай буюрса, болгон резервдеги жерди карайбыз. Көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жаңжалды чечпесек, бардыгына жер жетпейт.

Ал эми жаатташкан эки тарап жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана аксакалдардын кийлигишүүсүнөн соң гана тарашты.

XS
SM
MD
LG