Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Пакистанда өлтүрүлгөн козголоңчулар казакстандык жарандар экени тастыктала элек


Жекшембиде Пакистан менен Ооганстандын чектеш жеринде өлтүрүлгөн козголоңчулар Казакстандын жарандары болушканы тууралуу бүгүн Исламабадда «Франс пресс» маалымат агенттигине пакистандык генерал-майор Шавкат Султан кабарлады. Жекшемби күнкү операциядан кийин, генерал-майор Шавкат Султан «Рейтер» маалымат агенттигине айткан сөзүндө 17 жаш козголоңчу тууралуу сөз кылып, алардын ичинде кыздар да бар экенин билдирген эле.

- Жалпысынан 17 козголоңчу өлтүрүлүп, дагы төртөөсү оор абалда жатат. Бул козголоңчулардын ичинде көпчүлүгү жаштар, жана кыздар да бар экен. Алар атышуулар учурунда граната ыргытышкан.

Ошол эле учурда, Казакстандын Пакистандагы элчилиги “Азырынча ал 17 козголоңчунун казак атуулдары экенин ишенимдүү айтуу кыйын” деп эсептейт. Бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, элчи Эрнур Туякбаев козголоңчулардын казакстандык атуулдар экени тастыктала электигин айтты:

- Азырынча ал адамдарды Казакстандын атуулдары дегенге эрте. Алардан тек гана казак паспорттору табылган, бирок аларды чындап эле казак жарандары экендиги тастыктала элек.

Пакистандык аскерлер азыр Важиристан регионундагы Мираншах деген шаарчасына жайылтылган.

XS
SM
MD
LG