Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

КҮТТҮРГӨН ШАЙЛОО ДА ӨТТҮ…


Апта башында чыккан кыргыз гезиттеринде негизинен президенттик шайлоонун кандай өткөнү, К.Бакиевдин жеңиши, ага келип жаткан каалоо-куттуктоолор басымдуу орунду ээлейт.

Президент К.Бакиевдин ишенимдүү жеңиши, шайлоого катышкандардын 88 пайыздан ашуун добушуна ээ болушу кандайынан келгенде да элибиз дагыле 24-марттагы элдик ыңкылаптын шарданы менен жашап атканын билдирчү окуя деп белгилейт шейшембидеги «Аалам» гезити. Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча К.Бакиевден башка талапкерлердин бирөө да 5 пайыздык тоскоолдон өйдө көтөрүлө алышкан жок.

Президенттикке талапкер Ж.Жекшеев: «Кыргызстанда экинчи түркмөнбашынын орношуна жол бербөө үчүн, Кыргызстандын чыныгы демократиялуу болушу үчүн, токтоп калган революцияны улантыш үчүн Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы менен бирдикте күчтүү, чечкиндүү оппозициялык маанайда күрөшүүгө даяр экенимди айткым келет» дейт. Анын пикири шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланган.

Басылмада жарыяланган макаласында Чүй облусунун прокурору Кадыркул Бакиров президенттик акимчиликтин мурдагы жетекчиси Тойчубек Касымовго каршы кылмыш иши ачылганын, ал эми Баткен облусунун прокурору Рыскул Бактыбаев мурдагы губернатор Мамат Айбалаев менен Юруслан Тойчубековго каршы кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Орусияга каттап аткан челнокчулардын оор мүшкүлдөрү тууралуу укук коргоочу Качкын Булатовдун маеги да ушул эле «Кыргыз туусу» гезитинде жарыяланган. Иши жүрүшкөн бай соодагерлердин сумкасына баңгизат салып коюшуп, кармап, болгон акчасын тартып алуу күчөптүр. Буюмун тарттырып, мыйзамдуу-мыйзамсыз салыктарын төлөп шорлоп жүргөндөр, жашоо-турмушун оңоп алгандар, ошол эле учурда иши жүрүшпөй өз жанын кыйгандар де бар экен, дейт К.Булатов.

Улуттук коопсуздук кызматынын курамына кирген чек ара кызматынын жетекчиси Мырзакан Субановдун маеги шейшемби күнкү «Эркинтоо» гезитинде жарыяланды. Чекара кызматынын жергиликтүү жетекчилери өз алдынча чечим кабыл ала алышпаганы жүрөк өйүдү.

«Азыркы күндө кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чегараларынын аймактарындагы абал тынчсыздандырууда. Чегаранын бул аймактарындагы чечилбеген делимитация жана демаркация маселелери, талашта турган участоктор, элдин жыш жашашы, алардын жашоо деңгээлинин төмөндүгү, тараптардын жер-сууга ыгы жок умтулуусу – мунун баары чегарада кызмат өтөөнү татаалдаштырат жана чегара чатактарын чыгаруучу факторлор болуп саналат», дейт Мырзакан Субанов.

Кыргызстандык кыпчактар «Айкөл Манас» партиясын түзүшүп, анын уюштуруу жыйынын өткөрүшкөнүн шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Жаңы партиянын уставы менен программасы кабыл алынып, төрагалыкка Аксы окуясынан соң кызматынан кол жууган Шермамат Осмонов шайланды. Евразиянын кенен талааларында көчүп-конуп жүргөн байыркы түрк уруулары кийин чачырап башка түрк урууларынын курамына кирип, айрымдары мажарлар менен болгарлардын арасына сиңип кетишкен, деп жазат «Вечерний Бишкек» гезити.

Жаңы президенттин маалымат жыйынынын баяндамасын шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жарыялады. Кийинки парламенттик шайлоо партиялык тизме жана жер-жерлерден шайланчу аралаш система боюнча өтүшү керек. Кыргызстанда АКШ аскерий базасынын жайгашып турганына токтолгон президент Ооганстандагы жагдай оңолууда, ага жараша антитеррор күчтөрүн жайгаштыруу да өзгөрүшү керек. Бирок бул иш качан жана кандайча өтөрүн убакыт көрсөтөт деген пикирде.

Коррупция менен уюшкан уурулуктун тамырын кыркуу үчүн Кыргызстандын жаңы бийлиги оголе көп иштерди жасашы зарыл деп белгилейт В.Тимирбаев шейшемби күнкү «МСН» гезитиндеги «Ыңкылаптан кийинки Кыргызстан: коопсуздукка коркунуч» деген макаласында. Кыргызстан абыдан коррупциялашкан өлкө. Анын коопсуздугу өкмөт канчалык деңгээлде коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшө аларына байланыштуу.
XS
SM
MD
LG