Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Москвада өтүүчү Жеңиш парадына кыргызстандыктар да катышат


БИШКЕК. 22-июнда эмгектин жана согуштун ардагерлер кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев, Улуу атамекендик согуштун ардагери Бакир Чодобаев, “Даңк” орденинин толук ээси Мстислав Иванов, Сталинград согушунун катышуучусу Асанкан Жумакматов, Эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, академик Кайып Оторбаев Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парадына катышканы жөнөп кетишти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

1945-жылы 24-июнда Москванын Кызыл аянтында Жеңиш парады өткөрүлүп, ага Улуу Атамекендик согушта эрдик өрсөткөн Совет биримдигинин миңдеген атуулдары катышкан. Быйыл КМШ мамлекеттеринде Жеңиш парадынын 60 жылдыгы салтанаттуу белгиленет.

XS
SM
MD
LG