Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Өкмөт парламентте маалымат берди


БИШКЕК. 21-июнда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык абал боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Маалымат берген вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун билдирүүсү боюнча, ыңкылаптан кийинки өлкөнүн абалын туруктуу, бирок ойлоно турган жагдайлар көп деп бааласа болот. Буга өлкө боюнча саясий жана социалдык жактан чыңалууда турган 36 көйгөй бар экендиги негиз берет. Алардын тизмесине Жогорку соттогу кризис, «Ак кеме» мейманканасынын талашы, Оштогу «Алай» мейманканасынын жанындагы ок атуу, Карасуу базарын басып алуу, Ак үйгө чабуул жана табигый кырсыктар түзөт. Ага карабастан ыңкылаптан кийинки 2 айдын ичинде инвестициянын көлөмү 116 пайызды түзүп, жаңыдан пайда болгон жумушчу орундарынын саны 36 миңге жетти. Кредиттик потрфелдеги каражат 106 пайызды түздү. 24-мартта талап-тонолгон жайларды кайра калыбына келтирүү 93 пайызды түздү.

XS
SM
MD
LG