Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Казакстандын Башкы прокуратурасы У.Барктабасовко кылмыш ишин козгогон


БИШКЕК. 18-июнда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучулар Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаров, Билим берүү миниcтринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков маалымат жыйынын өткөрүштү. Данияр Үсөновдун айтымында, Казакстандын Башкы прокуратурасы Урмат Барктабасовдун үстүнөн экономикалык маселелер боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы болсо Барктабасовго издөө салган. Ал эми Досбол Нур уулу 17-июндагы Бишкектеги башаламандыкты уюштуруучулардын идеологу профессор Сыртбай Мусаев экендигин белгиледи. Ал эми Исмаил Исаков Куралдуу күчтөр ар кандай саясий акцияларга кийлигишпесин, эгерде элдин коопсуздугуна коркунуч туулса аскер күчтөрү колдонулаарын билдирди. Маалымат жыйынын өткөргөндөр өкмөт үйүн басып алууну көздөгөндөрдүн аракетин контрреволюция деп баалашып, мындай баш аламандыкты элдик революцияны жактырбаган күчтөр уюштургандыгын белгилешти.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG