Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

КЫРГЫЗДАР КАЙДА БАРАТАТ, НАРЫНДЫКТАРДЫН КӨЙГӨЙҮ, БАЛДАР КАМКОРДУККА АЛЫНГАНБЫ?


Өлкөдөгү саясый, экономикалык абал, тышкы саясат, Аскар Акаевдин мүлкү, балдарды коргоо күнү кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болду.

31- майда жарык көргөн “Агым” гезитинде кабарчы Шайлообек Назаралиевдин “Граждандык согуштун коңгуроосу кагылдыбы?” деген макаласы жарыяланды. Анда эшикте прогресстин 21- кылымы, интеграция, глобализация болуп жатса, кыргыздар жердешчиликке, уруу- урууга бөлүнүп, жакырчылык сазына батып турганы баяндалып, өлкөнүн кадр жана экономикалык маселелери талдоого алынат.

“Дүйнө кайда баратат? Биз кыргыздар кайда баратабыз? Бир мисал: Сингапур өлкөсү. Бизден территориясы жагынан 333 эсе кичине, калкы боюнча 1,5 эсеге аз өлкөнүн ички дүн продукциясы бизден 100 эсе көп. Биздики 2 млрд. доллар, алардыкы 200 млрд. Ар бир адамга эсептегенде жылдык кирешеси 56 миң доллар, биздики 300 долларга да жетпейт. Биз намыстуу болсок, ушуга арданып, ушул максат үчүн көтөрүлсөк болмок. Бизде айтып койуш нормага айланып, эл бири- бирине ишенбей калды. Калпычылыкка өттү. Анткени ажонун өзү 14 жыл бою калп сүйлөп, анткорлонуп жатып калкты бузуп бүттү. Ошон үчүн экономикабыз каккан казыктай козголбой турат”- деп жазат кабарчы Шайлообек Назаралиев.

Ошондой эле өлкөнүн утурумдук жетекчиси Курманбек Бакиевдин Нарын облусундагы сапарында облустагы көкөй кескен көйгөйлөр айтылганы, Торугарттагы коррупция, Кызылбелдеги жер көчкү, президенттик шайлоо алдындагы убадалар тууралуу “Агым” гезитинин кабарчы Асланбек Сартбаевдин “Нарынга нарындыктар гана чыдайт” деген макаласында кеп болот. Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалалар чыгып жатканынын жооптуу катчы Гүласина Каленова мындайча айтып берди:

- “Сессия сүртүмдөрүн” бул жолу кабарчы Мамат Сабыров даярдады. Окурмандардын каттарынан жана майда кабарлардан түзүлгөн “Бомбей кат” рубрикасы да чыкты, 60 жыл убакыттан кийинки Берлинден алган таасирлер тууралуу согуш ардагери Макиш Узакбаев ой бөлүшөт. Кыргызстандагы президенттик шайлоодо кимдердин рейтинги жогору болоору, калк кимди президент катары көрүүгө дилгир экени тууралуу Бермет Букашеванын баяндамасы, балдар үйүнүн көйгөйлөрү жана маданият жаңылыктары чыкты.

31- майда жарык көргөн “Аалам” гезитинде да өлкөнүн убактылуу өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин Нарын облусунда болгон сапары, анда айтылган көйгөйлөр тууралуу журналист Семетей Талас уулу баяндаган.

Анда Каракече көмүр кенин иштетүүдө жергиликтүү калктын ден соолугуна зыяны тийгени менен кышкысын арзан көмүр алууга мүмкүн болбой жатканы, Бишкек-Торугарт жолу 40 тонналык жүккө эсептелгени менен 60 тонналык машиналар өтүп, жол керектен чыгып баратканы, Торугарт бажыканасындагы коррупция, Аксай, Арпадагы аркар, кулжаны атууну токтотуу, облустук оорукананын абалы, Кызылбелдеги жер көчкү тууралуу кеп болот.

“Жолугушууда көрсөтүлгөн облустун көйгөйлүү маселелери, жакырчылык, жумушсуздук, клинкалык ооруулар жана башкалар Кызылбелди дренаждамакчы болгондой утурумдук маанайда жеңилине качырылып чечилбеси ийги. Айрыкча, кытайлык “оор жүк ташуучу машиналарды Бишкекке жибербей “растомажкалаган” атайын база эртерээк ачылса болду” деп макаласын жыйынтыктайт Семетей Талас уулу.

31- майдагы “Аалам” гезитинде жарыяланган макалалар жөнүндө башкы редактордун орун басары Аида Надырбекова айтып берди:

- “Алтын кырсык” деген темада Кумтөрдөгү жана Барскоон айылындагы көйгөйлөр тууралуу Кыргыз кино компаниясынын төрагасы, белгилүу кино режиссер Замир Эралиевдин макаласына орун берилди. “Ааламдын” салттуу “Кереге кеңеш” талкуусунда “Сулайман тоосунун феномени” деген талкууда Кыргыздын ыйык жерлери, аны сактоо жана аларды илимий жактан изилдөө тууралуу ой- пикирлер ортого салынат.

Ал эми 31-майда окурмандардын колуна тийген “Адабий гезитте” журналист Асанбек Кулманбетовдун акын Үмөталы кызы Айшаке Курманованын чыгармачылыгы тууралуу макаласы жарыяланды. Жазуучу Топчубай Субанбековдун чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн баяндаган сын макалага орун берилди. Ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун жаңы жазылып бүткөн “Архат” романын “Адабий гезит” сандан санга бере баштады. Төкмөлүк өнөрдүн сыры, өзгөчөлүктөрү тууралуу акын Шекербек Адыловдун баяндамасы жарыяланды.

31-майдагы “Кыргыз туусу” гезити өлкөнүн мурдакы президенти Аскар Акаевдин мүлкү жөнүндө вице- премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун маалыматы боюнча кабарчы Нарынкүл Назаралиева даярдаган макала, убактылуу өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин Нарын облусуна жана Австрияга сапары, Бермет Акева менен журналист Назаркул Жоошбаевдин маеги, “1993- жылдагы Конституцияны ордуна келтирүүгө тийиш” деген Бегиш Ааматовдун интервьюсу жарык көрдү.

31- майдагы “Эркинтоо” гезитинде 1- июнь- балдарды коргоо күнүнө карата макалалар жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG