“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобьякас башка журналисттер менен катар Евробиримдиктин Өзбекстан боюнча декларациясынын добоору менен таанышып чыкты. Ал бизге маалымдагандай, министрлер Өзбекстандагы окуяларга байланыштуу “терең камтамачылыгын” билдиришет. Шаркет ошондой эле өзбек армиясынын “ашыкча күч колдонуусун айыптап”, өзбек бийликтерин мындан ары бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келген чараларды колдонуудан карманууга чакырат.
Министрлер көз карандысыз иликтөө тобунун түзүлүшүн да сунуш этишүүдө. Өткөн жумада президент Каримов андай комиссияга карама каршы экенин айткан эле. Анын ырастоосунда, Батыш дипломаттарынын Анжиянга барып, абал менен таанышып чыгышы эле жетиштүү болду.
Жума күнү Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Эмма Удвин Каримовду дагы бир жолу жакшылап ойлонууга чакырган:
- Каримовдун эларалык иликтөөчүлөрдү өлкөсүнө кое бербөө жөнүндөгү чечими бизди албетте кубандырбайт. Бирок биз аны позициясын өзгөртүүгө көндүрө алабыз деп ишенем. Чыныгы фактылардын такталып, ачыкка чыгышы абдан маанилүү. Дипломаттардын өткөн аптада болгон сапары адистерден куралган тергөө тобун алмаштыра албайт. Себеби, дагы көп нерселерге айкындык киргизилүүгө тийиш.
Европа комиссияcынын өкүлдөрү буга чейин ырастагандай, 1989-жылы Кытайга каршы киргизилген санкциялар бул жолу кайталанбайт. Блок өзбек бийликтери менен диалогду уланта берүүгө артыкчылык берет.
Айрым дипломаттардын айтуусунда, катаң чаралардан көрө шаркет өлкөдөгү экономикалык жана саясий жараяндарды колдоонун жолдорун жана ыкмаларын издейт. Маселен, Биримдиктин атын атабаган расмий өкүлүнүн айтымында, атайын эксперттер өзбек параламентарийлерине мыйзам чыгаруучулардын иши кандай болушу керектигин үйрөтүп жатышат.
Тышкы иштер министрлери кабыл ала турган декларациянын долбоорунда Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу да айтылат. Евробиримдик расмий Ташкенди эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин, адам укуктарын урматтого, мыйзамдын үстөмдүгүн сактоого үндөйт. Өкмөт бейстабилдүүлүктү шарттаган социалдык жана экономикалык маселелерге көңүл бурууга тийиш, - делинет документте.
Брюсселдеги кээ бир дипломаттар шаркет Кошмо Штаттардын терс реакциясынан чочулап, Каримовдун өкмөтүнө каршы катуу чара көргүсү келбейт дешет.
Терроризмге каршы согушта Ташкен Вашингтондун региондогу маанилүү өнөктөштөрүнүн бири.