Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине Кылмыш кодексинин 316-беренесине ылайык өз ишине шаалакылык менен мамиле кылган деген айып менен кылмыш ишин козголгону тууралуу Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров буларга токтолду:
-Парламенттик шайлоодо кетирилген кемчиликтер,, шалаакылык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Андан аркы сөзүндө Азимбек Бекназаров президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоп Борбордук шайлоо комиссия төрагасы баштаган комиссия мүчөлөрүн кызматтан кетирүүнү өтүнгөнүн маалымдады. Кайрылууда Борбордук шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлердин арыздарына көңүл коштук менен мамиле кылып, жеткиликтүү түрдө иликтөө жүргүзбөй, убагында карабагандыктан мурдагы бийлик колдогон талапкерлер депутаттыкка шайланышкандыгы айтылган. Ага мисал катары №1-Университет шайлоо округунан ат салышкан талапкер Болот Марипов, Кунай Шеримкулов жана башка бир нече талапкерлердин арыздары өз убагында каралбагандыгы келтирилген.
Бекназаровдун жогорудагыдай аракетин айрым саясатчылар колдоого алышууда:
- Мунун негизи бар. Анткени БШК Акаевдин башкаруусу мезгилинде көптөгөн мыйзам бузууларга барган. Талапкерлердин сыртынан тон бычып, саясий куралга айланып калган. Бул жерде БШКнын мурдагы жетекчиси Сулайман Иманбаевдин ролу чоң. Мындай иштерге бааны эл, коомчулук, прокуратура териштирип бериш керек,- дейт депутат Мелис Эшимканов.
Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов Бишкекте жок экендигине байланыштуу Башкы прокурордун жогорудагыдай аракети боюнча анын пикирин алууга мүмкүн болгон жок. Башкы прокуратуранын жогорудагыдай жүйөөсү канчалык деңгээлде чындыгы бар, чынында эле БШК мүчөлөрү талапкерлердин арызын өз убагында караган эмеспи деген суроого Борбордук шайлоо комиссия мүчөсү Акылбек Сариев мындайча жооп берди:
-Түшкөн маселелерди биздин отурумга чыгаруу-бул төраганын милдети. Мындай арыздар отурумга чыгарылбагандан кийин биз аларды караган жокпуз. Анткени андай маселе коюлган эмес. Марипов арыздарды, катты жазып жатат деп гезиттерден окуп жаттык. Жетекчи чыгарса биз аны карамакпыз. Экинчи жагынан биз кийин териштирип көрсөк, төрага мындай маселелерге өзү эле жоопторду берип жаткан экен. Төраганын андай укугу бар.
Ал эми Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бекназаров болсо жакын арада тергөө аяктап, тиешелүү адамдар жазалана тургандыгын билдирди:
- Тергөөнүн жүрүшүндө шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өздөрүнүн милдетин аткарбагандыгы далилденди. Кылмыш иши тергелип бүтүп калды. Ал аягына чыккандан кийин шайлоо комиссиясынын белгилүү мүчөлөрү жоопко тартылат.