Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков коррупцияга каршы күрөшүү чаралары ачык, коомчулуктун көз алдында болушу керек деген пикирде. Буга негиз катары ал 12-майда Коррупцияга каршы борбор түзүү жөнүндө токтомго кол койгон. Аскар Салымбековдун айтымында, мыйзам бузган адамдарга карата катуу чаралар көрүлөт:
- Эгерде мыйзам бузуу фактылары же болбосо кылмыш болсо, анда биз ошол ишти прокуратурага беребиз. Биздин биринчи баскычтагы чиновниктерибизге байланышкан ишти териштирүүгө, аларды жумуштан алып салууга укугубуз жетет.Эгерде иши өтө эле жаман болсо, анда аларды жумуштан алып салуу менен чектелбестен мен айткандай укук коргоо органдарына беришибиз керек. Кээ бир чиновниктер акча алып келмейинче ишти бүтүрбөй чоюп жүрө беришет. Акчасы болгондор ишин бүтүрөт, ал эми акчасы жоктор 2-3 жылдап жүрө беришет.
Бириккен Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын отчетуна ылайык, коррупциядан негизинен карапайым калк жапа чегет. Ал өлкөдө саясий жана каржы мекемелеринин туруктуу иш алып баруусуна бут тосот. Коррупция соода катнаштарынын, чет жактан келген инвестициялардын келишине да коркунуч туудурат.
Буга чейин Кыргызстанда мамлекеттик структураларда коррупцияга каршы күрөшүү үчүн комиссиялар жана улуттук агенттик иш алып барчу. Ушул мекемелер менен жаңы түзүлгөн борбор бири-бирин кайталап калышы мүмкүн деген пикирлерге карата коррупцияга каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Эркайым Мамбеталиева ойун мындайча билдирди:
- Биздин борбордун айырмачылыгы - мамлекеттик, же болбосо муниципалдык структуралар менен коомчулуктун биргелешип иш жүргүзгөнүндө. Ошондуктан бул жерде эки тараптуу, коомчулук жана бийлик тараптан да иш аракеттер болот.
Экс-президент А.Акаевдин мезгилинде коррупция Акүйдүн жетинчи кабатына жетти деген сөздөр айтылып келген. Коррупция бала бакчалардан баштап мамлекеттик мекемелерге чейин өз тамырын коё берген деп айтылчу. Өлкөнүн акыйкатчысынын орун басары Садык Шернияз бүгүнкү күндөгү коррупциянын тарыхы 15 жыл мурун башталган деген пикирде:
- Албетте бул биздин 15 жылда алган саясий багытыбыз болду. Себеп дегенде, Кыргызстанда бир нерсени түздөн-түз өзүнүн укугу менен чечүү мүмкүн болбой калган. Мына Акүйдө иштер акчанын күчү, же болбосо жердешчилик, тууганчылык жолу менен бүтчү.