Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

МАРСТА СУУ БАРБЫ?


Нарын АЙЫП, Прага Мындан эки жыл мурда Марс планетасына учурулган "Марс-экспресс" деп аталган космос кемеси жакында планетанын үстүнөн жана түбүнөн суу издөөгө киришти. Окумуштуулардын айтымында, эгер Марста суу табылса, бул планетага адамы бар кемелерди жиберүү бир кыйла жеңилдейт.

"Марс-экспресс" кемеси Европалык космос агенттиги тарабынан курулган жана Казакстандагы Байкоңурдан 2003-жылдын 2-июнунда учурулган. Кеме Марска ошол эле жылдын 26-декабрында жетип, Кызыл планетаны айлана баштаган жана анын бетине "Бигл-2" деген марсжүргүнү да түшүргөн, ал эми эки-үч аптадан кийин, 2004-жылдын январында Марстын бетин сүрөткө тартып, миңдеген түстүү сүрөттү Жерге жиберген. Ал сүрөттөрдүн айрымдарында суунун калдыктарына окшош жана суу тийген сыяктуу белгилер табылган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында болсо "Марс-экспресс" бир топ кыйынчылыктар менен эки антенна ачты, алардын ортосундагы аралык 20 метирге жетет, ошондуктан аларды күчтүү радар катары пайдаланса болот жана кеме жаңы программа боюнча иштей баштады. Ал программага ылайык, Марстын бети радар менен изилденип, суу изделет. Радар өтө күчтүү болгондуктан, анын нурлары планетанын бетинен өтүп, бир нече чакырым тереңдикке жете алат, ошондуктан ал сырттан көрүнбөгөн суу же муздун калдыктарын же алардын издерин да таба алат.

Алманиянын Дармштадт шаарында жайгашкан Европалык космос агенттигиндеги "Марс-экспресс" долбоорунун менежери Рудольф Шмидттин айтымында, эгер Марста суу бар болсо, радар аны сөзсүз көрө алат:

- Биздин долбоор боюнча, радардын нурлары төрт чакырым тереңдикке жете алат. Андай изилдөө учурунда нурлар ар башка муз, таш же суудан ар башка түрдө чагылып, ар башка жол менен кайтып келет, ошондуктан аны кармаган антеннага келген сигнал аркылуу суу бар же жок экенин билсе болот.

Мурда өткөрүлгөн изилдөөлөр - Марстын атмосферасында суунун буусу бар экенин аныктаган, бирок ал тиричиликти камсыз кылууга жетишсиз. Кээ бир теориялар боюнча болсо, мындан үч миллиард 800 миллион жыл мурда Марста бир топ калың атмосфера жана суу болгон, бирок 100 миллион жыл аралыгында планетада ири өзгөрүүлөр болуп, ал өз атмосферасын жоготкон. Суу атмосфера менен кошо кеткен болушу керек, бирок анын кээ бир калдыктары тереңдикте калып калышы да ыктымал.

Эгер Марста жетиштүү көлөмдөгү муз же суу табылса, бул планетага Жерден экспедиция жиберүү бир кыйла жеңилдеши мүмкүн. Биринчиден, ал сууну тазалап ичсе болот жана Марска бара турган космонавттарга жерден суу корун алып баруунун керектиги азаят. Суудан кычкылтек чыгарып, космонавттардын дем алуу маселесин да чечсе болот, андан тышкары, суудан жетиштүү өлчөмдө суутек чыгарылса, аны пайдаланып, Марстан кайра Жерге кайтып келүү үчүн ракетага керектүү отун өндүрүү мүмкүн.

Бирок эң негизгиси - суу бар жерде тиричилик да табылышы мүмкүн жана эгер Марста суунун калдыктары болсо, ал аймакта микробдор же башка жандыктар да табылышы ыктымал. Анткен менен "Марс-экспресстин" мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана ал планетанын бүткүл бетин изилдеп чыга албайт, кайсы бир аймак изилденбей калганда болсо, табыла элек суу ошол жерде болушу мүмкүн деген үмүт кала берет.
XS
SM
MD
LG