Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Иракта өлтүрүлгөн 70 шийинин денеси табылды


Ирактын мурдагы премьер-министри Айяд Аллавинин өмүрүнө кечээ күнү кечинде кол салуу болду. Аллави машине менен өз үйүнө жакындаганда бир адам өзүн өзү жардырып жиберген, анын өзүнөн тышкары дагы бир полициячы өлдү. Кечээ күнү Иракта - мурда өлтүрүлгөн 70 адамдын денеси табылды, алардын элүүсү Тигр дарыясына ыргытылган жана президент Жалал Талабанинин айтымында, алар жума күнү барымтага алынган шийилер болушу мүмкүн:

- Мыкаачылар денелерди Тигр дарыясына ыргытып жиберген жана элүүдөн ашык дене суудан алып чыгылды. Алардын баарынын ысмын жана кылмышкерлердин аттарын дагы биз таптык. Маселе премьер Аллавинин көзөмөлү алдында каралып жатат, - деди президент Талабани.

Шийилер Мадаен шаарында жума күнү барымтага алынган жана аларды кармагандар бардык шийилердин шаардан чыгып кетишин талап кылган. Андан тышкары согушкерлер кечээ күнү Хадита шаарында Улуттук гвардиянын 19 кызматкерин кармап, атып өлтүрдү. Багдад шаарында болсо эки бомба жарылгандан кеминде эки карапайым адам жана эки америкалык аскер набыт кетти.

XS
SM
MD
LG